Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:17

БЕЛГРАД МИЛОШЕВИЧ МЕНЕН КОШТОШУУДА


Белградга Слободан Милошевич менен коштошкону анын жүздөгөн тарапкерлери, негизинен улгайган адамдар келип жатышат. Коштошуу каадасы Белграддагы Революция музейинде өтүп жатат. Айрым байкоочулар муну “тарыхтын тамашасы” деп айтышууда.

“Тарыхтын тамашасы” дегенде байкоочулар эки нерсени эске алып жатышат. Биринчиден, Слободан Милошевич бийликте турган жылдары чет элдиктерден алган белек-бечкектерин, таберик буюмдарын дал ушул Революция музейине койдуруп, аны элге көрсөтүп турганды жакшы көрчү экен.

Экинчиден, музейден жүз кадамдай жерде Иосип Броз Титонун кабыры бар дешет. Коммунист Броз Тито Югославияны бириктирсе, коммунист Милошевич аны таркаткан лидер болду.

Ал эми Милошевичтин тарапкерлери ага жогору баа берип жатышат. Улгайган аялдардын бири Сербия өзүнүн убарлуу уулуна каңырыгы түтөп,кабыргасы кайышып жатканын айтып, азыркы жетекчилерди, президент Тадичти серб элин кордоду деп айыптады:

- Алар Слободанды сатышты, Америка менен бирге аны өлтүрүп тынышты!

Бу аялдын сөзүн коштоп, мойсопут бир эркек киши Слободан менен коштошкону Косоводон келгенин, азыркы жетекчилер тууралу түк түшүнүгү жоктугун, бирок Милошевич ким болгонун жакшы билерин белгиледи:

- Слободанга салыштырганда азыркы жетекчилер жөн эле бир эргежээл эмелердей көрүнөт.

Милошевичтин таажиясына анын аялы Маркович менен уулу Марко,соңку кабарларга караганда, сыягы, келбейт сыяктанат. Экөө тең азыр Москвада. Маркович келсе, аны камап коюшу ыктымал. Мира Марковичке таажияга келип кеткенге мүмкүндүк берүүнү талап кылып, социалисттер партиясы өкмөткө кайрылды.

- Жесир аялдын мындай укугун жадагалса осмон-түрк империясынын тушунда да урматташкан, - деп айтты соцпартиянын орунбасар төрагасы Милорад Вучелич.

Экс-президенттин бир тууганы Борислав Милошевич да агасынын таажиясына келе албайт. Москвада ал эки күн мурда эле жүрөгүнө операция жасатты.

- Врачтар уруксат берсе, сөзсүз барат элем, - деп айтты ал Интерфакстын кабарчысына.

Мурдагы Югославиянын мамлекет башчысы С.Милошевич 11-мартта Гаагадагы трибуналдын абагында дүйнөдөн кайткан. Ага эл аралык трибунал тарабынан мурдагы Югославиянын айрым аймактарында тукум курут саясат жүргүздү деген айып тагылып жаткан. Милошевич бул айыптарды четке кагып келген.

XS
SM
MD
LG