Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

БЕСЛАНДАГЫ КАЙГЫЛУУ ОКУЯНЫН НАГЫЗ СЕБЕБИ ДАЛЕ БЕЛГИСИЗ


Бесландык энелер комитети жаңыдан колго тийген видеотасмага таянып, 2004-жылы мектепте барымтага алынгандар арасынан 300дөн ашуун кишинин жаны кыйылышына сырттагы аскерлер озунуп ок ачканы себеп болгон деп билдиришти. Орусиянын бийликтери буга чейин чечен барымтачылары мина жардырып ийгенде мектептин чатыры кулап түшүп, жүздөгөн кишилердин өмүрүнө забын болду деп келген эле. Бесландагы барымтада өлгөндөрдүн жарымынан көбү жаш балдар болгон.

2004-жылы сентябрдын алгачкы күнү мектептеги салтанаттуу жыйынга барган жаш балдарын жана башка жакындарын жоготкон бесландыктар башынан эле бийликтегилер айткан ырасмий маалыматтарга ишенген эмес.

Москва түзгөн өкмөттүк комиссия жүздөгөн кишилердин өлүмүнө чечен жикчилери мектептин ичинде мина жардырып, андан улам имараттын чатыры кулап кеткени себеп болгон деген бүтүмгө келген. Куралчан чечен жикчилеринин барымтасында 3 күн сыздап отурган 1000ден ашуун туткундун жарымынан көбү жаш балдар, мектеп окуучулары болгон. Тамак-аш, суусуз алдан тайган барымтадагыларды бошотуш үчүн атайын аскердик күчтөр имаратка чабуул коюп, башаламан атышуу, уулуу газ колдонуунун артында 330дан ашуун адам, жарымынан көбү жаш балдар жантаслим болгон.

Алардын арасында Бесландык энелер комитетинин мүчөсү Анета Гадиеванын кызы да окко учкан. Гадиева жаңы видеотасма далилдегендей, сырттагы аскерлер эки граната жардыргандан кийин башаламан атышуу, мектептеги кыйракан башталганын тергөөчүлөр эске алышы керек деген пикирин айтат.

- Биз дагы бир жолу бийликтегилерге кайрылып, бул видеотасманы тергөөчүлөргө тапшырууну талап кылып жатабыз. Бул тасма тергөөчүлөрдүн колунда болгон, бирок негедир алар андагы маалыматты эске алышкан эмес.

- Бул видеотасма 3-сентябрда Бесланда болгон окуялардын эң башында пайда болгон себебин бышыктайт. Эң алгачкы жоромол боюнча, жардыруулар мектептин ичинде башталбай эле, адегендде сырттан граната ыргытылып, мектепти көздөй ок жаадырылган,-дейт Марина Литвинович “Беслан тууралуу чындык” интернет-сайтынын редактору.

Кайра жаңы ызы-чуу пайда кылган видеотасмада мектеп тараптан балдар качып чыгып баратканда сырт жактан эки катуу жардыруунун добушу жаңырганы угулат. Былтыр иликтөөсүн жыйынтыктаган Москвалык комиссия жардырууларды мектептин ичинде камалып отурган чечен барымтачылары баштаган деп жарыялаган. Бесландык ата-энелер дале болсо ал кайгылуу окуяны иликтеген комиссия соңку жыйынтыгын чыгарат деп үмүттөнөт. Бирок Москвалык саясий эксперт Сергей Маркедоновдун төмөндөгү пикирин колдогондор да аз эмес.

- Менимче, террористтер жаш балдарды барымтага алганынын өзү барып турган мыкаачылык, анан аларды бошотуу аракетинде кетирилген кемчиликтер, атүгүл атайын кызматтар кылмыш жасаса да, барымтачылардын карөзгөйлүгүнө кайдан теңелсин.

Бесландагы балдар жана алардын мугалимдери менен ата-энелерин барымтага алган чечен жикчилеринин ичинен жалгыз тирүү калган Нурпаши Кулаев былтыр соттолуп, өмүрүнүн аягына дейре түрмөгө кесилген.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG