Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Орусияда космоско жол ачкан ит Лайкага айкел тургузулду


Маскөө. Мындан жарым кылымдан ашуун илгери космоско учурулган сүт эмүүчү – Лайка аттуу иттин айкели 11-апрелде салтанаттуу түрдө ачылды. Маскөөнүн аскердик медициналык институтунун жанында тургузулган “Восток” ракетасынын үстүндө отурган иттин эстелиги 1957-жылы ноябрь айында советтик космонавтика жетишкен ири ийгиликти даңазалап турат. Лайка космос мейкиндигин көздөй учурулган соң бир нече сааттан кийин чыдаткыс ысыктан улам жан берген. Бирок бул жана башка тажрыйбалар 1961-жылдын 12-апрелиндеги Юрий Гагарин жасаган адам затынын туңгуч космостук сапары үчүн баалуу камылга болуп калган.

XS
SM
MD
LG