Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ӨЛТҮРҮЛҮШҮ: ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ


Ошто МАИнин эки кызматкеринин, нарколог-дарыгердин жана айдоочунун өмүрүн кыйган деп шектелинген аскер кишиси кармалды. Бирок, Коргоо министрлигинин түштүк аскерлер тобу бул адамдын аларга тиешелүү бөлүктөрдүн бирине таандык экендигин четке кагууда.

21-июлда кечки саат 21.00 ченде Оштогу маалымат жыйынында ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 16-июлдан 17-июлга оогон түнү Ошто МАИнин 2 кызматкеринин, нарколог-дарыгердин жана айдоочунун өмүрүн кыйган деп шектелинген киши кармалганын билдирди:

- Кылмышкер куралдуу күчтөрүндө иштеген, аскер кишиси деп айтсам да болот. Ош шаарындагы аскер бөлүгүндө иштеген. Аты-жөнүн айтпаганымдын себеби мунун жанында дагы шериктештери болушу мүмкүн. Кылмышкер өзү мас абалда жана формачан болгон. Балдарды атып, жүктөгөн ТИКО автоунаасынын айдоочусуна алгач разбой жасаган. Кетип жатканда биздин эки МАИ кызматкери жолдон тосуп кармап, наркологиялык диспансерге алып барып, кайра келе жатканда жолдо учурдан пайдаланып, кызматкерлерибиздин бирөөсүнүн тапанчасын сууруп алып, экөөнү атып салган. Андан кийин айдоочуну аткан, андан кийин нарко-диспансерге барып дарыгерди атып, ошол автоунаага жүктөп, таштап кеткен.

Министр Конгантиев далил заттар да табылгандыгын эске салып, өз милдетине шалаакылык менен мамиле кылган айрым милиция жетекчилери кызматынан бошотулаарын кошумчалады:

- Биздин кызматкерлерди өлтүргөндөн кийин ал кызматкерлердин тапанчаларын алып кеткен. Ошол тапанчаларды үйүнөн биздин тергөөчүлөр таап келди. Ошондой эле ошол кызматкерибиздин чөнтөк телефону чыкты. Бул далил зат буюмдарынан тышкары ошол нарколог-диспансерден жоголгон журналдар да табылды. Бул жерде албетте, шалаакылык мамиле жасаган жетекчилер сөзсүз түрдө кызматынан кетет. Бир эле киши эмес, бир топ жетекчилер өз жазасын алышат.

Жогорку Кеңеш депутаты Арап Төлөнов кыйчалыш мезгилде милицияга ар тараптуу камкордукту күчөтмөйүн, коомдук тартипти толук кандуу камсыз кылуу кыйын экендигин эскертти:

- Ички иштер кызматкерлерине жасалган мамиле, аларга кол салуу жакшылыкка алып келбейт. Ошон үчүн милиция кызматкерлеринин абалын көтөрүп, эч нерсеге муктаж болбой чыгарсак, элибиздин ичинде бейпилдик, тынчтык сакталат.

Эске сала кетчү жагдай, 17-июль күнү таңга маал Ош шаарындагы Өзгөн көчөсүнө токтотулган ТИКО автоунаасынын ичинен төрт адамдын сөөгү табылган эле. Кийин аныкталгандай, ошол түнү кызматтык милдетин аткарып жүрүшкөн Ош шаардык мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкерлери Каныбек Асрановду, Мунарбек Сактановду, Ош облустук наркологиялык диспансеринин дарыгер-наркологу Жалал Хамидовду, таксист Нурбек Касымовду белгисиз бирөөлөр башка атып өлтүрүшкөн.

Радио материал берүүгө даярдалып калганда, Кыргыз чекара кызматынын прапорщиги Жамалдин Гапиров кармалып, 4 адамды (анын ичинде 2 милиция кызматкерин) өлтүргөндүгүн мойнуна алгандыгы туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG