Камактагы Радован Каражичтин адвокаттарынын аппеляциялык арызды атайы бул үчүн мыйзамда каралган мөөнөөтүн акыркы мүнөттөрүндө берүүсү анын БУУнун Гаагадагы эл аралык трибуналына өткөрүлүшүн кечеңдетүү тактикасы. Мыйзамда каралган мөөнөт өткөн жума күнү, 25-июлдун түнүндө аяктамак.
Маалыматтарга караганда, Каражичтин адвокаттар тобу аппеляциялык арызды Сербиянын аскерий кылмыштар боюнча сотунун дарегине өлкөнүн алыскы аймагындагы почта бөлүмү аркылуу ошол мөөнөт аяктаардын жуп алдында салган.
Каражичтин адвокаттарынын бири Светозар Вуячич кечээ "Ассошейтед пресс" агенттигине "менин болжолумда арыз али жете элек, себеби дем алыш күндөр болду. Канчалык кеч болгону ошончолук жакшы", деп айткан. Ушул эле адвокат жекшемби күнү Белграддагы митинг учурунда "анын жана Радован Каражичтин жалгыз максаты" – экстрадиция шейшемби күнгө мерчемделген демонстрацияга чейин орун алышына жол бербөө экенин белгилеген.
Эгер аппеляция чын эле өз убагында жөнөтүлгөн болсо, соттун дарегине түшкөндөн үч күндүн аралыгында судьялардын комиссиясы арызды канааттандырышы же четке кагуусу керек. Эгер күтүлгөндөй эле арыз четке кагылса , Каражичти экстрадицияло боюнча акыркы чечимди кабыл алуу - өкмөттүн, атап айтканда Юстиция министрлигинин ыйгарым укугу.
Сербиянын азыркы премьер-министри Мирко Цветковичтин айтымында, анын өлкөсү өзүнүн эл аралык милдеттемелерин аткарууну көздөөдө:
- Каражичтин камалышы биздин Гаага трибуналы менен кызматташуу ниетибиздин далили. Биздин ишенимибизде мындай кызматташтык биздин өлкө үчүн өтө маанилүү. Анткени бул биз эл аралык укукту урматтарыбызды көргөзүүдө.
Премьер-министр Мирко Цветкович ушул жекшембиде Австриядан кабарчылар менен болгон маегинде кошумчалагандай, Каражичтин камалышынын ордуна Сербия атайы бир белекти күтпөйт. Евробиримдик Сербия менен жакындашууну караган келишимин ишке киргизет деген үмүттө.
Евробиримдик болсо жогорудагы келишим аткарылардын алдында Каражич сыяктуу эле узактан бери издөөдө жүргөн адам, босниялык сербдердин мурдагы аскерий колбашчысы, генерал Ратко Младичтин да камалышын көргүсү келерин ачыктаган эле. Серб өкмөт башчысы Мирко Цветкович бул каалоо да жакынкы келечекте орундалат деп эсептейт:
- Каражич номер биринчи эле, эгер биринчи номер биздин ниетибизди көргөзүүнүн далили болсо, биз мындайды номер экинчиге, жетинчиге же башкасына жасабай турганыбызга эч жүйөө жок.
Айтор, кандай болгон күндө да Радован Каражичти Гаага трибуналына экстрадициялоо ушул жуманын орто ченине чейин ишке ашчыдай эмес. Улуттар уюмунун аскерий кылмыштар боюнча трибуналы азыр жашы 63кө келген Каражичти Сараево шаарын дээрлик төрт жыл бою камалоого алганы, анда 10 миңдей адам өмүрүнөн айрылган жана 1995-жылы Сребреница шаарында 8 миңдей мусулманды кырууга катышы бардыгы үчүн айыптап келүүдө.