Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Түндүк Корея жандоочу учурам десе, коңшулары дүрбөдү


Түндүк Корея орбитага жердин жасалма жандоочусун учурчу күн жакындаган сайын Түштүк Чыгыш Азияда кырдаал курчууда. Ырасмий Токио Пхеньян 4 жана 8-апрелде учурганы жаткан ракета непада Японияга коркунуч туудурса, алар атып түшүрүлөрүн эскертти.

Эларалык коомчулук, анын ичинде Япония жана Түштүк Корея ырасмий Пхеньян алыска учуучу баллистикалык ракетаны сынаганы жатат деген ишенимде.

Ырасмий Пхеньяндын “байланыш үчүн пайдаланчу жердин жасалма жандоочусун сыноодон өткөргөнү жатканына" Япония, Түштүк Корея, АКШ сыяктуу коңшу өлкөлөрдүн тынчсыздануусунун олуттуу жүйөсү бар. Биринчиден, эгер «Тепходон-2» ийгиликтүү сыноодон өтсө, Түндүк Корея бетмаңдайындагы Япония түгүл, Аляскага чейин жетчү баллистикалык ракетага ээ болот.

Экинчиден, 2006-жылы «Тепходон-2» эми учурулгандан көп узабай, ракета багытын өзгөрттү деп кооптонуп, аны Түндүк Корея өзү абада жардырып жиберген. Ошондон улам, ракета бир балакет болуп, Японияга түшпөйбү деген кооптонуу япондор арасында күч. Андан улам Япон өкмөтү куралдуу күчтөрү ар кандай ракетаны атып түшүрүүгө жарамдуу деп калкты ишендирди. Коргоо министри Язукази Хамада жума күнү тийиштүү буйрук берилди деп маалымдады:

- Мен, Өзүн өзү коргоо күчтөрүнүн жобосуна ылайык, непада Түндүк Кореядан учуп чыкан обьект бир капылет болуп Японияга түшчү болсо, аны жок кылууга даяр турууну буйрудум.

Маалыматтарга караганда, Япония Түндүк кореялык ракетаны сак-сактап туруу үчүн өлкөнүн түндүгүнө ракетадан коргонуу системасын жайгаштырганы жатат. Ырасмий Токионун бул аракети Пхеньянды жандоочуну учуруу планынан баш тарттыруу боюнча эларалык кысымды көбөйттү шекилдүү.

Түндүк Корея менен жакшы мамиледеги Россия Пхеньянды ракетаны сыноону токтотууга чакырды. “Азыр Түндүк Чыгыш Азиядагы кырдаал курч. Биздин өнөктөшүбүз Түндүк Корея үчүн сыноону токтотуу оң”, деп билдирди Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Алексей Бородавкин

Пхеньян болсо өлкөгө Улуттар Уюму аркылуу кысым көрсөтүүнү душмандык деп бааларын, ага жооп ирети ядролук программасы боюнча алты жактуу сүйлөшүүгө катышпай койорун да ырасмий түрдө эскертти.

Ракета учууга даяр экени 26-мартта маалымдалган. Пхеньян ракетаны учурабы же учурбайбы? Британ талдоочусу Ейдан Фостер-Картердин айтышынча:

- Менимче, жагдай Түндүк Кореянын лидери Ким Енг Ердин мураскерин тандоого байланштуу. Мураскерди дайындоо кечигүүдө. Ким өзү былтыр ооруп жүрдү. Алар чоң ракетаны же жандоочуну учурабы же жокпу, өздөрүн кубатуу кылып көрсөткүсү келүүдө. Алар ракетаны коммунисттик ыкма менен жаңы шайланган парламент чогулганы жатканда учуруп, эларалык коомчулука таасир этүүнү көздөйт.

Ейдан Фостер-Картер - Британиянын Лидс университетинин Корея боюнча талдоочусу.
XS
SM
MD
LG