Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:06

Эл үнү: “Муздак мээ, ысык жүрөк, таза кол” керек


К.Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө нааразы болгон эл УТРКнын жанында митинг өткөрүп жатышат. Бишкек. 2010-жылдын 16-апрели
К.Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө нааразы болгон эл УТРКнын жанында митинг өткөрүп жатышат. Бишкек. 2010-жылдын 16-апрели

“Эл үнү” программасына кайрылган угармандар өлкөдө кырдаалды жөнгө салууга убактылуу өкмөттү колдоо керектигин айтышып, ынтымакка чакырышты. Азыркы убактылуу өкмөткө ишенбегендер дагы болду.

“Азаттыкка” кайрылган угармандарыбыз апрель ыңкылабында окко учкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кан төгүлгөн кайгылуу окуядан кийин бир ууч кыргыз эли түндүк-түштүк деп бөлүнбөй тескерисинче ынтымакка келип, келечек үчүн жаңы укуктуу мамлекетти түзүү зарылдыгын билдиришти.

Алмазбек Эркебай уулу:
Аянтта бийликтин огунан курман болгондорго куран окуткандардын аягы үзүлбөйт.Бишкек 2010-жылдын 13-апрели.


-Бүгүнкү болуп жаткан окуялар түбү азаттык үчүн болгон күрөш үчүн курман болгон Шералы Назаркуловдун өлүмүнө барып такалат. Себеби Шералы Назаркулов кандуу согуш менен эмес тынчтык, цивилизациялуу жол менен күрөшүп курман болду. Ошол кишинин өлүмүнө бийликтегилердин эч кимиси ойлонгон эмес. Андан кийин Аксы окуясы башталган. Анда дагы эч ким жоопко тартылган эмес. Ага уланып кечээги Талас,Бишкектеги кандуу окуялар болду. Демек биз өткөн тарыхыбыздан сабак албадык эле, бизди ушундай кайгылуу күнгө туш келтирип отурат. Бүгүн дагы Кыргызстанды кайра курабыз деген маселе турат. Ал үчүн биринчиден кыргыздын символикалык туусун, гербин андан сырткары аянтта турган “жумуртканын үстүндө турган” аялдын эстелигин алмаштырышыбыз керек. Албетте Конституцияны кайрадан карап чыгып, Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы бийлигинин алдында иштеген адамдардын көбү тазаланышы зарыл.

Жамалдин Сулайманов:

-Азыркы бийликке келе турган адамдар медициналык текшерүүдөн өтүп, алардын колунда сөзсүз соттук-медициналык жана психиатр-наркологдун корутундусу болушу керек. Анткени биз эки президентти көрдүк, булардын тагдыры эмне менен бүткөнүнө күбө болдук. Булар мамлекетти кууратып бүтүрдү. Анан дагы учкул сөз бар “Муздак мээ, ысык жүрөк, таза кол” деген. Эмнеге дегенде муздак мээ-акылы ордунда, ысык жүрөк- мээримдүүлүк, таза кол деген-колу менен жаман ишти жасабаган адам.


К.Бакиев: Мени күнөөлөбөгүлө. Жалал-Абад 2010-жылдын 9-апрели.
Акбарат ( Жалал-Абад):

Курманбек Салиевичти мекенинен кетүүгө мажбур кылбаш керек эле. Анткени кечээ жакында болуп өткөн окуяны уюштурган Р.Отунбаева баштаган оппозиция болуп жатпайбы. Булар дагы элдин алдында жооп бериш керек. Мына канчалаган энелер ыйлап, кайгы тартып ушуга Бакиев күнөөлү, Бакиев күнөөлү деп бир жактуу аны күнөөлөгөн туура эмес. Чын-чынына келгенде эки жак тең күнөөлүү.

Канат (Жалал-Абад):

-Курманбек Бакиев Жалал-Абадда жатып алып журналисттерге берген интервьюсу туура эмес. Мен 7-апрелде Бишкекте элдин толкуну башталган Форумдан баштап аягына чейин жүрдүм. Бакиев айткандай анын терезесин эл жактан бирөө жарым ата алган жок. Анткени Ак үйдү кайтарган спецназдар, снайперлер аттырбайт эле. Ошондуктан мен Жалал-Абаддык туугандарымды чакырып кетер элем. К.Бакиевдин айткан сөздөрүнө, анын чакырыктарына алданбай сабырдуу болгула деп. Азыр ынтымак керек. Бөөдө эл экиге бөлүнүп журт ордосунда жарака кетпесин. Кырдаалды курчутпай сабырдуу болгула.

“Эл үнү” программасына Ысык-Көлдүк угармандар дагы кайрылып, К.Бакиевдин өлкө аймагынан чыгып кеткенин колдогондор, аны Бишкекке алып келип соттош керек дегендер да болду.

Таластагы угармандар болсо экс-президент Курманбек Бакиевди Апрел ыңкылабында элге каршы ок атып 80ден ашуун кырчындай жаш жигиттердин жанын кыйды деп айыпташып, өз элине ок аттырган Бакиевди баш кылып анын иниси Жаныбек Бакиевди, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди, экс-премьер-министр Данияр Үсөновду, Акылбек Жапаровду жана башка атка-минерлерди жоопко тартуу зарылдыгын айтышып, антпесе элдин көксөөсү суубай, кайрадан эл толкуп кетиши мүмкүн дегендер да болду.

Негизинен көпчүлүк угармандар азыркы убактылуу өкмөткө колдоо көрсөтүп, өлкөдө биринчи кезекте туруктуулукту, ынтымакты, тартипти орнотуу керектигин белгилешти.

Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо, кубанычтуу кабарлар же жеке көз каршыңызды “Эл үнү” программасына билдирем десеңиз 0312- коду менен 31-61-53 жана 31-61-71 номурлуу телефондорго чалыңыз.
XS
SM
MD
LG