Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

15-июль: Тарых барактары


Айтылуу «Ла Скала» театры 1776-жылдын 15-июль күнү ачылган.
Айтылуу «Ла Скала» театры 1776-жылдын 15-июль күнү ачылган.

Энесайлык кыргыздар менен Сибирдеги орус воеводаларынын ортосундагы тирешүү 1641-жылдын жай айында чегине жеткен. Энесайлык кыргыздардын чапкынын тыюу максатында Яков Тухачевский кол топтоп, Уйбат жергесине жортуул уюштурган.

Июль айынын баш ченинде Я. Тухачевскийдин колу Уйбаттын Абакан дарыясына куйган өрөөнүндө кыргыздарга кол салып, башында жеңишке жетишип, олжого туйтунган. Бара-бара кыргыздар абалды теңдеп, орус воеводаларынын колун качууга аргасыз кылган. Айласы түгөнгөн Я. Тухачевский качкан колдун эки тарабына төөлөрдү коюп, кыргыздардын огунан коргонуу үчүн төөлөргө туткун кыргыздарды мингизген. Аткен менен кыргыздар куугунтуктоону токтоткон эмес. Акыры орус колунда чатак чыгып, 15-июль күнү аскерлер Я. Тухачевскийди тоноп Кузнецк тарапты көздөй качышкан.

Энесайлык кыргыздардын орус воеводаларына көрсөткөн каршылыгы Еренактын убагында туу чокусуна жеткен. Кыргыздар менен жунгарлардын биргелешкен колу 1679-жылдын жай айында Красноярск, Енисейк жана башка орус шаарларына чапкын жасашкан. Акыры Еренак баштаган кыргыздардын олуттуу аскер күчү 1679-жылдын 15-июль күнү Красноярск шаарына кол салган. Еренак шаарды ээлеп алуу максатында Красноярскини бир канча күн камоого алган. Бирок максаты ишке ашпасына көзү жеткен Еренак чет жакадагы айыл-кыштактарга талоончул жортуул уюштурган.

Пишпек Аскер, жумушчу жана дыйкандардын кеңеши 1918-жылдын 15-июль күнү жыйын өткөргөн. Жыйында көп партиялуулук өлкөгө зыян алып келээри айтылып, Коммунисттик партиядан башка партияларды текши таратуу зарылчылыгы күн тартибине коюлган. Мындан тышкары большевиктик бийликти коргоо үчүн колуна курал кармай турган советтерге күн сайын 4 сааттык машыгуу керектиги белгиленген.

Фрунзе шаардык Жумушчу, дыйкан жана Кызыл аскерлер кеңеши 1932-жылдын 15-июль күнү ташкындоого каршы Чукул чара комиссиясын курган. Жайкы ысыктан улам Ала-Тоо мөңгүлөрү эрип, шаарга суу каптоо коркунучу пайда болгон. Чукул чара комиссиясы Ала-Арча менен Аламүдүн сууларынын бойлорун бекемдөө ишине киришкен. Сууларга орнотулган дамбалар бекемделип, суу жээктерине казык кагылып, чым төшөлгөн. Жумушчу колунун тартыштыгына байланыштуу Чукул чара комиссиясы шаардык тургундарды бекемдөө ишине тарткан. Жумушка тартылган адамдарга балта, күрөк менен айтылган жерге келиши милдеттендирилип, эмгек куралы жок келген адамга 100 рубль айып тагылаары эскертилген.

"Иисусту өлтүргөндүгү үчүн жөөттөр түбөлүк кул болушу керек" деп Папа Иннокентий III 1205-жылдын 15-июль күнү билдирген.

Грюнвальд салгылашында Тевтон орденинин жеңилишине байланыштуу 1410-жылдын 15-июль “Германия үчүн кара күн” деп белгиленип калган.

Айтылуу «Ла Скала» театры 1776-жылдын 15-июль күнү ачылган.

«Марсельеза» 1795-жылдын 15-июль күнү Франциянын гимни деп табылган.

Нижегород жарманкеси биринчи жолу 1822-жылдын 15-июль күнү ачылган.

Ипполит Меже-Мурье аскер-деңиз флоту үчүн жасаган маргаринге 1869-жылдын 15-июль күнү Париж шаарында патент алган.

Франк-прусс согушу маалында Фридрих Вильгельм Ницше фронтко жиберүү өтүнүчү менен 1870-жылдын 15-июль күнү Базель университетинен дем алуу сураган. Айтылуу окумуштуу фронтко жөнөкөй аскер же санитар катарында чакырылышын өтүнгөн.

Филадельфияда өткөн конференцияда I Интернационалды таратуу туурасындагы чечим 1876-жылдын 15-июль күнү чыгарылган.

Англия мамлекетинде медициналык камсыздоо туурасындагы улуттук мыйзам 1912-жылдын 15-июль күнү күчүнө кирген.

Америкалык инженер Уильям Боинг 1916-жылдын 15-июль күнү «Пасифик аэро продактс» компаниясын негиздеген. Көп өтпөй ал «Boing Air Plane» аталышын алган.

Солчул министрлердин Украина автономиясын таанууга жасаган аракетинен улам Кадеттер 1917-жылдын 15-июль күнү Орусиянын Убактылуу өкмөтүнөн чыгышкан.

Киев педагогикалык университети 1920-жылдын 15-июль күнү уюшулган.

Совет өкмөтү 1923-жылдын 15-июль күнү мамлекеттик «Аэрофлот» авиакомпаниясы курула тургандыгын билдирген.

Италия парламенти 1923-жылдын 15-июль күнү жаңы Конституция кабыл алган.

ВКП(б) Борбордук Комитети 1929-жылдын 15-июль күнү «Советтер Союзунун коргонуу абалы туурасында» токтом чыгарган.

Италия, Германия, Англия жана Франция эл аралык маселелерди биргелешип чечүү үчүн 1933-жылдын 15-июль күнү Төрттүктөр пактын түзүшкөн.

Свердловск унаа куруу заводу (Уралмаш) 1933-жылдын 15-июль күнү ишке киришкен.

Германияда англис гезиттерине 1934-жылдын 15-июль күнү тыюу салынган.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Гринвич обсерваториясына 1944-жылдын 15-июль күнү бомба түшүп талкаланган.

АКШ президенти Гарри Трумэн 1946-жылдын 15-июль күнү Британияга 3,75 миллиард доллар көлөмүндө жардам көрсөтүү турасындагы мыйзамга кол койгон.

Советтер Союзу менен Израиль ортосундагы дипломатиялык мамиле 1963-жылдын 15-июль күнү калыбына келген.

Советтик сыналгы биринчи жолу Министрлер кеңешинин президиум жыйынын ишин 1988-жылдын 15-июль күнү көрсөткөн.

СССРдин Жогорку Кеңшинин президиуму 1990-жылдын 15-июль күнү Тоолуу-Карабак автономиялык областынын аймагына чукул кырдаал киргизүү туурасында жардык кабыл алган.

СССР президентинин 1990-жылдын 15-июль күнкү жардыгына жараша Советтер Союзундагы маалымдоо каражаттарына КПССтин көзөмөлү токтотулган.
XS
SM
MD
LG