Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Ош ШИИБи: Аялдарды уурдап, зордоо фактылары жок


Ош ШИИБинин кылмыш-иликтөө башкармалыгын башчысы Башкыр Абдыкалыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча кыз-келиндер дайынсыз жоголду деген арыздар катталган. Бирок алардын ичинде «кыз-келиндерди уурдап барып, зордук-зомбулук көрсөткөн» деген арыздар жок.

Милиция өкүлүнүн билдирүүсү боюнча дайынсыз жоголгондор тууралуу арыздар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзгөн учурда алардын айрымдары үйлөрүнөн өз бетинче чыгып кеткени аныкталган.

Милиция кызматкеринин сөзүн «белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, зомбулук көрсөткөн» деп айтылып жаткан келиндердин бири Назира Тешебаева тастыктап, үйдөгү күйөөсүнөн, кайын журтунан көргөн кордугуна чыдабай Өзбекстан тараптагы төркүнүнө качууга аракет кылганын «Азаттыктын» кабарчысына айтып берген.

Ал эми укук коргоочу Равшан Гапиров келиндер күч органдарынын кысымынан ушундай көрсөтмө берип жатат деп эсептейт. Өзбек тектүү кыз-келиндер белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып, зомбулукка кабылып жатат деген маалыматты Равшан Гапиров өткөн жумада айтып чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG