Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Британия: Руперт Мөрдокту “чөгөлөткөн” күн


“News Corporation” компаниясынын башчысы Руперт Мөрдок (Rupert Murdoch) британ парламентини н комиссиясынын отурумунда. Лондон ш., 2011-жылдын 19-июлу. Reuters.
“News Corporation” компаниясынын башчысы Руперт Мөрдок (Rupert Murdoch) британ парламентини н комиссиясынын отурумунда. Лондон ш., 2011-жылдын 19-июлу. Reuters.

Бүгүн (19-июлда) 19-июлда дүйнөдөгү белгилүү медиа магнаты Руперт Мөрдок, анын уулу Жеймс жана алардын мурдагы британдык жетекчи кызматкери Ребека Брукс Улуу Британиянын Улуу Британиянын парламентинин комиссиясынын атайын отурумунда тымызын телефон тыңшоо чатагы боюнча суроолорго жооп беришти.


Ата-баланын жообу

Шейшембиде (19-июлда) Улуу Британиянын парламентинде атайын топтун жыйынында "тымызын телефон тыңшоо" чатагына байланыштуу оболу “News Corporation” компаниясынын башчысы Руперт Мөрдок менен анын уулу Жеймс Мөрдок депутаттардын ар кыл суроолоруна жооп беришти.

Руперт Мөрдок өзүнө таандык “News of the World” гезитинин телефондорду тымызын тыңшоо боюнча жосунсуз жоругу тууралуу суроолорго жооп берип жатып, бул күн өзү үчүн тагдырындагы өзгөчө намыска тийген күн болгонун айтты.

Уулу Жеймс Мөрдок да бул чатак окуя үчүн жабыр тарткандардан жана алардын жакындарынан кечирим сурады.


Руперт Мөрдокту “чөгөлөткөн” күн

x
Руперт Мөрдокту “чөгөлөткөн” күн
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00
Түз линк
- Баарыдан мурда айтаарым, мен, жана биз өзүбүз, өзгөчө алганда, үн менен жазылган каттары мыйзамсыз тыңшалып жабыр тарткандардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн алдында кечирим сурайбыз. Бул – мен үчүн, менин атам үчүн жана жалпы эле "Ньюс корпорейшн" компаниясынын ар өкүлү үчүн чоң өкүнүч жараткан окуя.

Бул жорук биздин компаниябыз дүйнөнүн булуң-бурчунда дилгирлик менен умтулган жогорку стандарттарга эч төп келбейт
.

Айтмакчы, Мөрдоктун компаниясынын кылыгына нааразы Жонни Марблз (Jonnie Marbles) деген бир куудул киши 80 жаштагы медиа магнатка ак каймактай көбүгү бар зыянсыз зат менен кол салуу далаалатын жасады.

Парламенттик комиссиянын отуруму 10 мүнөттөй кыска убакытка үзгүлтүккө учурап, анан кайра ишин улантты.

Мыйзамсыз тыңшоо жоругу

Парламенттик топтогу атайын угуу Р.Мөрдокко таандык "News of the World" гезити британиялыктардын жеке турмушуна мыйзамсыз түрдө кийлигишкен учурлар тууралуу чатакка байланыштуу өттү.

Маалыматка караганда, Мөрдокко таандык “News of the World” гезити 4 миңдей кишинин телефонуна жазылган үндөрдү тымызын угуп турган. Алардын арасында коомдук ишмерлер, урушта набыт болгон жоокерлердин жакындары жана кылмышкерлерден жабыр тарткан айрым карапайым кишилер болгон.

Калайык нааразылыгы курчуй баштаган чакта Руперт Мөрдок британдык бул гезитти жаап салды. 168 жылдык тарыхы бар бул жекшембиде чыкчу гезиттин акыркы саны 10-июлда жарык көрдү.

Руперт Мөрдок бул гезит тууралуу британ депутаттарына мындай деп айтты:

- Бул “News of the World” гезити биздин жалпы компаниябыздын бир пайызына да караандабаган үлүштү түзөт. Менин кол алдымда бүт дүйнө жүзү боюнча 53 миң киши кызмат кылат. Алар – сыймыктуу, залкар, адеп-ахлактуу, кадыр-барктуу жана кесиптин мыкты чебери болгон кишилер.

“News of the World” гезитинин мурдагы редактору Ребека Брукс 17-июлда камакка алынып, бирок айып тагыла электе кайра бошотулду.

Брукс айымдын жообу

Шейшембиде (19-июлда) кечинде Брукс айым да британ депутаттарынын суроолоруна жооп берип, гезитчилердин жосунсуз жоругу үчүн кечирим сурады.

“News of the World” гезитинин ошол таптагы редактору Ребека Брукс. Манчестер ш., Улуу Британия. 2009-жылдын 6-октябры.
43 жаштагы бул айым өзүнүн гезити жекече детективдердин кызматынан пайдаланып жүргөнүн мындайча моюнга алды:

- Мен “News of the World” гезити Флит стрит көчөсүндөгү башка басылмалардай эле жекече иш алып баруучу детективдерди колдонуп келгенинен кабардар болчумун.


Бирок Брукс айым жеке өзү эч бир полиция кызматкерине акча берүү тууралуу буйрук бербегендигин да айтты.

Британ полициясы жана коррупция

Ушул тапта Лондон полициясы менен Британ өкмөт башчысы да “News of the World” гезитинин чатагы менен байланыштуу сынга кабылууда.

Айрым тастыктала элек доолорго караганда, кээ бир полициячылар пара алып, бул гезитке жашыруун маалыматтарды берип турушкан.

Премьер-министр Дэвид Камерон да “News of the World” гезитинин мурдагы редактору Энди Коулсонду (Andy Coulson) өзүнүн калайык менен баарлашуу кызматынын башчысы кылып дайындагандыгы үчүн сынга кабылды.

АКШдагы иликтөө

Эми Мөрдоктун басылмаларынын чатагы мухиттин ары жагында да улантылчудай.

АКШнын Федералдык Чалгын Бюросу (FBI) "Руперт Мөрдокко таандык компаниялар 2001-жылдын 11-сентябрында террордук чабуулдан жабыр тарткандардын телефондорун мыйзамсыз тыңшаганбы, же жокпу?" деген доонун аныгын билүү үчүн иликтөө иштерин баштады.

АКШнын төрт сенатору өлкөнүн Адилет министрлигине кайрылып, дал ушул маселени кылдат иликтөөгө чакырган.
XS
SM
MD
LG