Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Көп улуттуу коомдун көйгөйлөрүнө арналган китеп жарык көрдү


Бүгүн Кыргыз улуттук университетинде “Борбор Азиядагы көп этностуу коомдун маселелери: көйгөйлөр жана чечүүнүн божомолдору” деген аталышта китептин бет ачары өттү. Китепти белгилүү тарыхчы жана этнограф Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонд чыгарган. Анда Какен Мамбеталиеванын 75 жылдыгына арналып, былтыр Бишкекте өткөн илимий конференциядагы докладдар камтылган. Ал илимий жыйынга кыргызстандык, казакстандык, орусиялык жана америкалык илимпоздор катышып, Борбор Азиядагы көп улуттуу коомдун маселелерин, чечүү жолдорун жана жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу илимий докладдарды окуган.(BkA)

XS
SM
MD
LG