Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

«Бузуку» Батыштын дурусу жана бурушу


Күн батышты карап турган Лениндин эстелиги. Симферопол шаары, 12-март, 2014.
Күн батышты карап турган Лениндин эстелиги. Симферопол шаары, 12-март, 2014.
Өткөндө «Украина алдын караса, Кыргызстан артын карайт» деген макала жазсам, өз оюн билдирип комментарий жазгандар көп болду. Алды менен бардыгына ыраазычылык билдирип коёюн, ким кандай ой жазса дагы, мен аларды Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган окурмандар деп билемин. Ошол комментарийлерди окуп отуруп, мени айрым окурмандар туура эмес түшүнүп алганбы деген ойго келдим. Ошондуктан ошол эле теманы улап, ушул макаланы жазып отурам.


Кыргызстанда канча стандарт бар?


Мен эч качан эч бир жерде орустарга душман болуш керек деп айткан эмесмин. Тескерисинче, кыргыз тилинде да, орус тилинде да жазылган макалаларымда кандай кырдаал болбосун орустар менен тил табышып, ынтымактуу жашаганды үйрөнүшүбүз керек деп келе жатам. Сөзүм кур болбосун үчүн «Таможенный союз: новые аргументы на старые вопросы» деген макаламдан үзүндү келтирейин: «Нам ни в коем случае не следует ссориться с Россией. Мы должны научиться тщательно избегать конфликтов с этой страной, если даже их провоцирует сама Россия».
Кыргыз тышкы иштер министрлиги Украинада болуп жаткан окуяларды революция деген билдирүү жасады. Биздин укук коргоочулар мына эми адилет баа болду деп кубангандарынан калпактарын көккө ыргытып киришти эле, Орусиянын тышкы министри Москвадагы кыргыз элчисин чакырып алып бир аз «такалап» койгондон кийин, бир жума өтпөй ошол эле тышкы иштер министрлиги Крымдын Орусияга кошулушун колдогон теңирден тескери билдирүү менен чыкты. Ушул дагы бир түрдүү стандартпы?


Жогорку окуу жайын Кыргызстандан бүтүргөнүм менен аспирантураны Москвадан окудум. Мен үчүн ал жерде өткөргөн 3 жыл өмүрүмдүн эң жакшы, унутулгус күндөрү катары эсимде калды. Орустардан көп урмат-сый көрдүм. Мени менен башка республикалардан көптөгөн аспиранттар окуп жүрүштү. Алар мага өзгөчө мамиле жасашчу. Мени аспирант катары бекитип коюшкан сектордун башчысы диссертация жактап жатканымда «Орозбаковдон кандай иштешти гана эмес, кандайча өзүнө өзү сын көз менен карашты да үйрөнүш керек, ал бүгүнкү күнү сейрек кезикчү көрүнүш» деп айткан жери бар. Мен мындай сөздүн бирин да Бишкектен укканым жок.

Батышты деле менден өтүп сындаган адам болбосо керек. Эл аралык валюта кору баштаган донорлор бизге кантип натыйжа бербеген реформаларды таңуулаганын чагылдырган «Развитие от кризиса до кризиса» деген макалам 2006-жылы жарык көргөндө, Ирандын бир телевидениеси бир жарым саат интервью алып кеткен. АКШ менен кырды бычак бул өлкөнүн өкүлдөрү ушунча алыс жерден келип кеткенин эске алсаңар, менин ал макалада Батышты канчалык катуу сындаганымды түшүнөсүңөр деп ойлойм.

Мен Атамбаевдин Батыш эки түрдүү стандарт жүргүзөт дегенине толугу менен кошулат элем. Баары эркин болсун, экономика, соода эркин болсун дейт дагы, кедей өлкөлөр чыгарган айыл чарба продукциясын, тагыраак айтканда чыгарганга алы жеткен жападан жалгыз продукцияны жогорку деңгээлдеги импорттук пошлина коюп, квота жана башка чектөөлөрдү киргизип, өз рыногуна кийирбейт. Миллиарддаган доллар субсидия берип, өз фермерлеринин атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүн жасалма түрдө жогорулатат. Соода режими адилет болгондо кедей өлкөлөр азыркыдай драматикалык кыйынчылыктарды башынан кечирбейт эле да. Ушундан кийин кедей өлкөлөргө акча берип, мына биз жардам берип жатабыз деп мактануу шылдыңдоо менен барабар.

Коррупция болбосун дейт дагы, өздөрүнүн компаниялары кедей өлкөгө келип пара берсе, ага эчтеме дебейт. Батыш өлкөлөрүнүн компания отчетторунда «белек-бечкек, чай-чамеге кеткен чыгымдар» деген статья бар. Пара адатта ошол статьяга катылат. Ага өнүккөн өлкөлөр жакында гана тыюу сала башташты, мурда эч нерсе дешчү эмес. Натыйжада Кумтөргө окшогон чоң кендер толугу менен өнүккөн өлкөлөрдүн карамагына өтүп кетип, жергиликтүү элге жетиштүү деңгээлде пайда бербейт. Алардын үзүрүн эки өлкөнүн шылуундары гана көрөт. Мындай нерселерди айта берсе, ого эле көп.

Бирок орустарда, аларды туураган кыргыздарда таптакыр стандарт болбой жатпайбы. Ошол эле Украина жөнүндө айтсак, биздин президент батыш украиндерди козутуп, чыр-чатакка түртүп койду десе, андан бир аз өткөндөн кийин тышкы иштер министрлиги Украинада болуп жаткан окуяларды революция деген билдирүү жасады. Биздин укук коргоочулар мына эми адилет баа болду деп кубангандарынан калпактарын көккө ыргытып киришти эле, Орусиянын тышкы министри Москвадагы кыргыз элчисин чакырып алып бир аз «такалап» койгондон кийин, бир жума өтпөй ошол эле тышкы иштер министрлиги Крымдын Орусияга кошулушун колдогон теңирден тескери билдирүү менен чыкты. Ушул дагы бир түрдүү стандартпы? Батыш эки стандарт деп башкалар айтса дагы биздикилер айтпай эле койсо.

Чечендер бөлүнүп өзүбүзчө мамлекет болобуз десе, Орусия мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат, булар террорист деп, бир элди бүтүндөй кызыл кыргын кылды. Ал эми Грузияда абхаздар менен осетиндер, Украинада орустар ошондой эле сепаратисттик аракеттерди жасаса, бул адам укугун бузуу, азчылыкты кодулоо дейт. Крымды каратып туруп басып алды. Өзү ошолорго курал берип, чагым уюштуруп жатат. Украиндер Орусиядан келген чагымчылдарды аты-жөнү, жашаган жери, паспорт номуру, сүйлөгөн сөзү, кылган ишине чейин көзгө сайгандай көрсөтүп жатса да, Орусия мойнуна албайт. Башка өлкөнүн жерин басып ала берсе болот деген стандарт бар бекен? Бир түрдүү стандарттын принциби менен карай турган болсок, мындай нерсени колдоо, жаман айтпай жакшы жок дейт, өзбек тилдүүлөрдүн укугу бузулуп жатат деп кокус кошуна өлкө биздин өлкөнүн кайсы бир районун басып алса, биз ага макулбуз дегендикти билдирбейби?


Жайылган койго көз салып, жамбаштап жатсаң сонун да...


Менин бир нерсеге акылым жетпейт. Батыш жаман дейбиз, а бирок кечээ эле ата-бабаларыбыз кийип жүргөн кийимдерди чанып, батышта жасалган кийимдерди кийебиз. Чыкыйтып, мойнубузга ата бабабыз өмүрү угуп көрбөгөн галстукту илип алабыз. Кыздарыбыз батыштагыдай эле шым кийет. Минген машинебиз, көргөн телевизорубуз, көтөргөн телефонубуздун баары батыштыкы. Ар кайсы өлкөдө жасап чыгарганы эле болбосо, анын баары түбү батыш ойлоп тапкан нерселер да. Улуттук кийимди артисттер эле кийет. Ал дагы эл алдына чыкканда эле. Көрктүү жана ылайыктуу үчүн кийип жатабыз да батыштын кийимдерин. Кыргыз телевидениесинде боз үйдүн артыкчылыгын бир жыл бою айтып түгөтө албай бирөө жүрөт, кыштын кырчылдаган чилдесинде бир ай боз үйгө жашатып койсо, көрөт элем мынчалык сайраганын.

Экономика жүргүзүүнүн жана өлкө башкаруунун эрежелери да ошолордуку. Конституциябыз деле алардын көчүрмөсү. Илгеркидей курултай кылып башкаралы десек, "Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы" болуп кетет. Башкасын айтпаганда деле, ошол курултай институтун киргизебиз дегендердин өздөрү бир пикирге келе албай, кызыл чеке болуп жатышат.
Мурда жапондор кыргыздардан да өткөн жалкоо эл болгонун, ошон үчүн 60-жылдары бир чоң компанияда иштеп, эч нерсе иш кылбай көп акча алган кызматкердин турмушун даңазалаган «Как легко быть служащим компании» деген ыр чыгып, ал жапондуктарга аябай жагып, популярдуу болуп кеткенин жазат. Жанагы биздин «жайылган койго көз салып, жамбаштап жатсаң сонун да» дегендей...


Бизде медицина бар, болгондо да ал бекер. Бюджеттен бир топ акча бөлүп врачтардын армиясын кармайбыз, бирок олуттуу оору менен ооруп калсак, кокуй деп акчасына карабай Германияга, болбой калды эле дегенде Түркияга чуркайбыз. Жогорку окуу жайлар жагынан дүйнөдө биринчи орунда турабыз, бирок акчабыз болсо эле балдарыбызды Америкадан окуткубуз келет. Гезит, журнал, теле, радио дегендерден көп нерсе жок, кызыктуу эч нерсе таба албай чет өлкөнүн берүүлөрүн көрөбүз. Жада калса Кыргызстандагы жаңылыктарды да өзүбүздүкүнө ишенбей, орустардыкынан угабыз.

Батыш жаман болуп, биз жакшы болсок, эмне үчүн анын экономикасы өнүгөт да, биздики өнүкпөйт? Эмне үчүн алар жакшы жашайт да, биз жаман жашайбыз? Башкасын айтпай эле, экономиканын негизги көрсөткүчү делген ички дүң өнүмдүн жан башына эсептелген көлөмүн алалы. АКШда ал 45 миң доллар болсо, бизде 2 миң доллар. Анан акча берип коёр бекен деп Батышка жалдырайбыз. Кыргыз кыйын болсо, эмне үчүн кайырчыдан бетер батыштан акча сурайт? Же Американын акчасы жакшы, өзү жаманбы?

2005-жылы андагы президент Бакиев чет өлкөлөрдөн келген акчаларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, мени да ошо комиссияга киргизишкен. Мен техникалык жана гуманитардык жардам боюнча иштеген комиссиянын бир тобун жетектегем. Ошондо билдим, Кыргызстан 1990-жылдан бери бир миллиард доллардан ашуун техникалык жана гуманитардык жардам алыптыр. Анын басымдуу көпчүлүгү грант, башкача айтканда кайтарымсыз бекер акча болуп, 95% ошол батыш өлкөлөрүнөн келиптир. Биз март деп мактаган Орусия менен Казакстандын үлүшү 5 пайызга да жетпейт экен. Батыш жаман болсо, акчасын да албайлы да.

Мага деле Батыштын көп нерселери жакпайт. Өзгөчө кумса дегени. Бирок жакшы жактарын үйрөнсөк болот да. Мен жакында интернетттен жапониялык профессор Акино Каватонун «Подьем и падение японской модели экономики» деген макаласын окудум. Көзүм ачыла түшкөндөй болду. Адатта бул өлкө жөнүндө сөз болгондо жапондуктар түбүнөн эле эмгекчил эл болгон, ошондуктан көтөрүлүп кетти дешет го. Аны автор таптакыр төгүнгө чыгарат. Мурда жапондор кыргыздардан да өткөн жалкоо эл болгонун, ошон үчүн 60-жылдары бир чоң компанияда иштеп, эч нерсе иш кылбай көп акча алган кызматкердин турмушун даңазалаган «Как легко быть служащим компании» деген ыр чыгып, ал жапондуктарга аябай жагып, популярдуу болуп кеткенин жазат. Жанагы биздин «жайылган койго көз салып, жамбаштап жатсаң сонун да» дегендей.

Анын айтымында, жапондуктарды иштерман кылып тарбиялаган Батыштын рынок экономикасы болгон. Иштеген ишимден айрылып калбайын деген коркуу сезими жапондуктардын улуттук өзгөчөлүгү деп айтылган «түбөлүк жалдама» деген кубулушту пайда кылган. Акино Кавато жапондуктар 45-жылдагы согуштан кийин заматта эле секирик жасап көтөрүлүп кеткен деген ойго да кошулбайт. Ал өнөр жай ишканалары Мейдзи доорунан баштап эле курула баштаганын, ага Батыштан артта калбайлы деген ой чоң түрткү болгонун айтат. Биздин Батыштан эмнебиз кем дешип, алар сыяктуу колония күтүү үчүн жапондор Азиянын бир бөлүгүн басып алып, трагедияга кабылганын айтат. Ушундан кийин Жапония өзү эч нерсе ойлоп тапкан эмес, ал болгону чет өлкөдө ойлоп табылган нерсени гана үйрөнүп алып, көбөйтүп чыгара берген деген сөзгө ишенбей көр.


Кыргыздар кантип немис болот?

Батыш десе эле, айрымдар ал башынан эле азыркыдай жаралып калган деп ойлойт окшойт. Андай эмес да. Орто кылымдагы англис, немис, француз уруулары бир мамлекетке бириге албай, биздин Ормон менен Балбайдай бири менен тытышып, согушуп келген. Германия кечээ жакында эле Бисмарктын тушунда бир улутка бирикти. Алар деле бир кезде биздей жалкоо, сабатсыз эл болгон. Анда алдыда батыш эмес, чыгыш болгон. Кытай алар үчүн үлгү болгон. Алар көп нерсени ошо Кытайдан, Азиянын башка өлкөлөрүнөн үйрөнгөн. Арабдардан үйрөнгөн. Алардын алдыга озуп кетиши биринчи кезекте арданбай эле үйрөнгөнүнө байланыштуу болгон. Биз эле үйрөнбөйбүз деген.
Кыргызды «бузуку «батыш эмес, «биз кыргызды сактап калат элек» дегендер жок кылганы турат. Анын механизми жөпжөнөкөй эле. Башкалардан үйрөнбөгөн калк өнүкпөйт. Экономикасы артта калат. Экономика өнүкпөгөн соң, эл жакшы турмуш издеп, башка өлкөлөргө кетет...


Кыргыздар деле өзүнүн бир нече кылымдан турган узун тарыхында чоң өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Биздин ата-бабалар тигиндей болчу, мындай болчу дегендерден сурайт элем, силер кайсы кылымдагы ата-бабалар жөнүндө айтып жатасыңар деп. Энесайлык кыргыздардын, Моголстанга карап турган 16-кылымдагы кыргыздардын, ислам кирип Кокон хандыгына карап турган 19-кылымдын башындагы кыргыздардын, Орусияга карап турган 19-кылымдын аягындагы кыргыздардын жана совет доорундагы кыргыздардын ортосунда асман менен жердей айырма бар. Доор алмашкан сайын кыргыздардын каада-салты, тили, кулк-мүнөзү да өзгөрүп турган. Ата-бабабыз ушундай болгон экен деп эми энесайлык кыргыздардай өлүктү өрттөй баштайлыбы?

Кыргыз уруулары кокту-колот болуп жашагандан өзгөрүү ар кандай багытта жүрүп, бирдиктүү салт калыптанган эмес. Маркум Салижан Жигитов агай айткандай, 19-кылымдагы кыргыздардан улутуң ким деп сураса солто же саяк деп жооп берген, кыргыз деп айтпай. Айырмачылык азырга чейин сакталып, азабын тартып отурабыз. Ошондуктан түндүк-түштүк болуп бөлүнүп жатабыз. Түштүктө ислам тереңирээк сиңген. Түндүктө теңирчилик көбүрөөк сакталган. Түндүктөгү нарындыктар, көлдүктөр, чүйлүктөр менен таластыктардын арасында да бир топ айырма бар. Ислам дини Талас менен Чүйгө көбүрөөк, Көл менен Нарынга азыраак тараган. Орустун таасири болсо Көл менен Чүйдө күчтүүрөөк болгон. Азыр туубуз көк болгон, кызыл болгон деп талашып жатышат го. Ар уруунун туусу, тамгасы, ал тургай тили, салт-санаасы, кулк-мүнөзү ар кандай болгон да. Анан кайсы өрөөндүн ата-бабаларын үлгү тутушубуз керек, кыргыз деп?

Батыш бузат дегендер коркпой эле коюшсун, биз немис болобуз десек да боло албайбыз. Өткөн кылымдардагы кыргыздар ислам динине өтүп араб болуп кетпеген сыяктуу. Анткени улуттук маданият, каада-салт, кулк мүнөз деген нерселер оңой менен өзгөрбөйт. Немис болуп кетсек да кыргызча немис болобуз. А бирок немис болбойбуз деп көшөрө берсек, болорубуз анык. Болгондо да кыргыздын жыты калбаган таза немис болобуз. Коркунуч ушунда жатат. Биз ушуну түшүнө албай жатабыз. Кыргызды «бузуку Батыш эмес, «биз кыргызды сактап калат элек» дегендер жок кылганы турат.

Анын механизми жөпжөнөкөй эле. Башкалардан үйрөнбөгөн калк өнүкпөйт. Экономикасы артта калат. Экономика өнүкпөгөн соң, эл жакшы турмуш издеп, башка өлкөлөргө кетет. Кыргызстандан 200 миңден ашуун адам башка өлкө жарандыгын алып кетти деп жатышат. Эми ойлоп көргүлө, алар өздөрүн кыргызбыз деп эсептешип, мүмкүн болгон жерде кыргызча сүйлөп, кыргыздын салттарын сактап жүрө бериши мүмкүн. Бирок балдары барган жердин тилинде окуйт, ошол чөйрөдө тарбияланат.

Алар Кыргызстанга келе алышпайт. Аларга биздин чөйрө жат болуп калат. Биздикилер да аны кабыл албайт. Азыр орус тилдүү кыргыздарды жеригендей жерийт. Алар башка улутка үйлөнүп, башка улутка турмушка чыгат. Дагы бир муун өтсө алардын балдары таптаза немис болот. Немис болгону ошо да, башка улутка ассимиляцияланып кетет. Баары болбосо да, басымдуу көпчүлүгү. Чоң улуттар мындай процесске бир топко чейин туруштук бериши мүмкүн. Ал эми кыргызга окшогон аз улуттар тез эле башка улутка сиңип кетет.

Азыр батыш өлкөлөрүнүн калкынын 20-30% келгиндер түзөт. Алардын бардыгы өз өлкөсүнүн оңолуп кетеринен түңүлүп, жакшы турмуш издеп баргандар. Жалаң батышты чанган өлкөлөрдөн. Чанбаган жапондуктар мигрант болуп барган жок. Ал эми батыш өлкөлөрүнүн эли чыгыш өлкөлөрүнө келип жашап жатат деп уктуңарбы? Бирин-серин эле. Мен муну айтып жатканым, биз каалайбызбы, каалабайбызбы, бул батыштын баалуктары артыкчылыкка ээ экенин, ал атаандаштыкта женип жатканын көрсөтөт. Миграцияны тыюу салып токтото албайсың. Токтотуунун бир эле жолу бар. Ал жапондуктарга окшоп Батыштан үйрөнүү.

Бабурду Батыш бузганбы?

Ошто төрөлүп-өсүп, кыргыздар үчүн жарым кыргыз болуп калган айтылуу аксак Темирдин тукуму, Улуу моголдор империясын негиздөөчү Бабур деген бар эмеспи. 16-кылымдын башында жашап өткөн. Мен ошо кишинин «Бабур наме» деген китебинен үзүндү келтирейин:

«Ошол учурда көчтө бир адам болуп, анын Бабури деген уулу бар эле. Анын аты да меникиндей экен. Мен ага өзгөчө тартылганымды сездим, өзүмдү алсыз сезип акылымдан тана түштүм. Мен ага чейин эч кимге мынчалык берилген эмесмин, а түгүл сүйүү жана анын күчү жөнүндө уккан да эмесмин. Мен ал кезде фарсы тилинде бирин-экин ыр жаза койчумун. Менин ошондогу жазган ырым:

Да не будет никто сокрушен, влюблен и опозорен, как я,
Да не будет любимый безжалостен и небрежен как ты».

Бул саптарды согушуп жатса да беш убак намазын калтырбаган, өз китебин «Мээримдүү жана кайрымдуу Алла үчүн» деген саптар менен баштаган Бабур жазып отрурат. Мен жанагы Мавлян Аскарбеков деген инимден сурайын дедим эле, эми Бабурду да Батыш бузду деген турасыңбы деп. Мен билгенден Бабур жашап өткөн доордо батыштагылар мындай адамды тирүүлөй эле өрттөп жиберишкен. Азыр деле кумсалыкка батыш өлкөлөрүнүн мамилеси бирдей эмес.
Мен биздин молдокелерге да кайрылгым келип турат. Кудай деп, бирок кумсалыкты өз ырында даңазалаган Бабурга окшогондорду мусулман деп эсептейсиңерби, же жокпу, деги эле бул көрүнүшкө кандай карайсыңар?

Мындай нерсени тартынбай ачык жазганына карап, мен кээде ойлоп кетем, эгер Бабур бүгүн тирүү болгондо, гомосексуалдарга эркиндик деп Турсунбек Акунга кошулуп пикетке чыкмак болсо керек деп.
Кыргыз кыйын деген сөздөрдөн жадап бүттүм. Ким ишенет арт жагың жыртык болуп оркоюп көрүнүп турса? Андан көрө жанагы жапондуктарга окшоп чындыкка тике карап, биздин эмнебиз кем деп, жакшы нерсе болсо батыштан да, чыгыштан да үйрөнбөйлүбү...


«Ужас» дегенди да батыштан келди деп жатышат. Булар деги Манас эпосун окуп көргөн немелерби? Биз сыймыктанган эпос башынан аягына чейин «ужастан» турат эмеспи. «Как жүрөктүн тушу деп, өлөр жери ушу деп», манасчылар найза сайганда да көз алдына тарта салгандай сүрөттөшөт го.
Курманбек эпосун Калык Акиевден ашык эч ким айта алган эмес дешет. Ошол Калыктын окуучусу Сарыкунандын айтканы бар. Мен Курманбектин Долон хандан найза жеп, Аккан досу менен кездешип турганын айтып отурсам, бир келин «сиз киши деле эмес экенсиз, анык мыкаачы турбайсызбы» деп басып кеткен деп. Эпосту айтуучулар «ужасты» көзгө тарткандай чеберчилик менен сүрөттөп айткан үчүн нерви боштор чыдабай кетет да. Сөз менен эле берилгени болбосо, мунун батыш фильмдериндеги «ужастан» айырмасы кайсы?

Мен бала кезимде кыштын узун түнүндө кемпир-чалдарга чырактын жарыгы менен көп китеп окуп берген кишимин. Тили өзгөчө жатык болуп, детектив жанрына жакын болгон үчүн го, алар Касымалы Жантөшовдун «Курманбегин» өзгөчө сүйүп угушчу. Азыр да күнү бүгүнкүдөй эсимде, бир жеринде төө чечмей деген оюн бар экен, мен ошол жерге келгенде кызарып-татарып, андан ары окуй албай токтоп калгам. Кыргызда эротика деле болгон. Аял энеден туума жылаңач болуп элдин алдына чыгып жатса, бул эротика болбогондо эмне экен.

Райкан Шүкүрбековдун бир жазганы бар эле, кең турмушка көздү чоң ачып алып карабай, тигинт-минт дегендер жадатты деген. Мен чынымды айтайын, кыргыз кыйын деген сөздөрдөн жадап бүттүм. Телевизор көрсөң деле, радио уксаң деле, гезит окусаң деле айткандары ушу. Жазуучулардын, акындардын, ырчы-чоорчулардын, саясатчылырдын айткандары да жалаң кыргыздан өткөн жакшы калк жок деген эле сөз. Ким ишенет арт жагың жыртык болуп оркоюп көрүнүп турса? Андан көрө жанагы жапондуктарга окшоп чындыкка тике карап, биздин эмнебиз кем деп, жакшы нерсе болсо батыштан да, чыгыштан да үйрөнбөйлүбү.

Мен мурдагы макаламда ушуну айткым келген. Ал эми Батышка карап түздөнөлү деп жатсам, аларда жакшы нерселер көп болуп жаткан үчүн гана айтып жатам.


Сапар ОРОЗБАКОВ, экономист, публицист
XS
SM
MD
LG