Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

АКШ вице-президенти Киевге барды


АКШнын вице-президенти Жо Байден Киевге келди. Расмий маалыматтарга караганда, эки күндүк сапары маалында ал Украинага берилчү техникалык көмөк тууралуу жарыяламакчы. Ал пакет негизинен экономика жана энергетика тармагындагы жардамды камтыйт. Айдын башында Орусия Украинага сатылчу газдын баасын кескин кымбаттатып салган.

Эртең Байден утурумдук президент Александр Турчинов жана премьер-министр Арсений Яценюк менен жолугушмакчы. АКШ Украинанын жаңы бийлигин колдоп келатат жана Москва кошуна өлкөнүн чыгышындагы кырдаалды жөнгөрүү аракетин көрбөсө, Орусияга каршы кошумча санкция киргизээрин эскертүүдө.

Украинанын чыгыш облустарындагы 10 чакты шаарда орусиячыл жикчилер бир нече күн мурун өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG