Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Балдар үчүн он миңден ашуун китеп чыкты


Ага Хан фонду жана "Тоолуу жамааттардын өнүгүүсүн колдоо" программасы балдар үчүн жаңы китептерди басып чыгарды. Долбоордун авторлорунун айтымында, «Друг», «Боло көрбө өзүмчүл» жана «Кошуналар» деп аталган адабий китептер балдарды ынтымактуу болууга тарбиялайт.

Чыгармалар Жазуучулардын улуттук биримдиги тарабынан сунушталган.

Мындан тышкары илимий багыттагы «Менин тоолуу мекеним», «Улууларды урматтоо - кичүүлөрдүн парызы», «Нарк – каада-салттар», «Жалбыз», «Биздин айылдын дары чөптөрү» жана "Жайлоодо” аттуу китептер да басмадан чыкты.

Китептердин нускасы 10 000ден ашат. Алар бала бакчаларга жана китепканаларга бекер таратылат.

XS
SM
MD
LG