Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

ЖМКны тескөө органы президентке кайрылды


“Маалымат укугу борбору” жана “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясы” сөз эркиндигин тескеген мыйзам долбоору боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду. Уюмдагы медиа кызматкерлер мамлекет башчыдан мыйзамды артка кайтарууну өтүнүп жатышат.

16-апрелде Жогорку Кеңеш далилсиз маалымат тараткандарга жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоорду кабыл алган. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, такталбаган маалымат жазган журналист бир жылга чейин камалат. Эгер президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.

Аталган мыйзам Кыргызстандын Конституциясына каршы келерин билдирип, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович да Атамбаевге кайрылган. (SE)

XS
SM
MD
LG