Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Казакстанда дагы төрт “жихадчы” соттолду


Жезказган шаардык соту төрт казак жаранын Сириядагы исламчылардын катарында согушканга мусулмандарды үгүттөгөн деп тапты. 22-июлдагы өкүмгө ылайык, алар 6 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, жазага тартылган төртөө Жезказгандын мечиттеринде динзарларды Сирияга “жихадка” барууга үндөшкөн.

Буга чейин Чымкент шаарында төрт жаран ушундай эле күнөө менен беш жылдан тогуз жылга чейин соттолгон.

Интернет булактардын кабарлашынча, Борбор Азия жана Кавказдан Сириядагы ислам козголоңчуларынын катарында жүздөгөн эркектер жана аялдар согушуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG