Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

“Шахтердун” алты футболисти Францияда калып калды


“Шахтер” клубунда ойногон Түштүк Американын алты футболчусу Донецк шаарына кайтып баруудан баш тартышты. “Шахтер” 20-июлда Франциянын “Лион” командасы менен жолдоштук беттешүүдөн кийин, алты оюнчу Донецкке барбай калып калышкан. Кенчилердин командасы 22-июлда Львов шаарында Киевдин “Динамо” командасы менен таймашат. “Шахтердин” ээси, миллиардер Ринат Ахметов эгер Алекс Тейшейра, Фред, Дентиньо, Дуглас Коста, Факундо Феррейра жана Исмаили Украинага кайтышпаса, аларга каршы сот иши козголорун, оюнчулар 10 миллиондогон евро төлөп каларын эскертти. Дуглас Коста интернет сайтта футболисттер “өмүрүн тобокелге салгылары” келбейт деп жазды.

Клубдун директору Сергей Палкин "Р-Спорт" агенттигине Фред жана Исмаили шаршемби күнү келип, командага кошуларын, башка футболисттер жөнүндө эч нерсе айта албасын билдирди.

Ушул тапта Донецк шаарынын көпчүлүк бөлүгү орусиячыл козголоңчулардын колунда.

XS
SM
MD
LG