Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Израил менен ХАМАС аткылоолорду убактылуу токтотту


Израил өкмөтү менен ХАМАС радикал тобу Газа тилкесиндеги ок атышууну 72 саатка токтотууга макулдашышты. Гуманитардык тыныгуу Европа убактысы менен бүгүн эртең мененки саат 7:00дө башталды.

Салгылашып жаткан эки тараптын макулдашуусу АКШ бийлиги жана Бириккен улуттар уюмунун соккуларды токтотуу боюнча эскертүүлөрүнөн соң ишке ашты.

Газа тилкесинде 8-июлдан бери жүрүп жаткан согушта 1400дөй палестиналыктын өмүрү кыйылды, көпчүлүгү жайкын тургундар жана балдар. Дагы миңдеген кишилер жаракат алды. Израил армиясы 56 аскерин жана үч жаранын жоготту.

Израил сокку уруу операциясын ХАМАСтын ракета атууларынан жана туннелдер аркылуу кол салуусунан коргонуу деп түшүндүрүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG