Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:11

Мамкаттоо “Гизоке жана Девриенттен» түшүндүрмө талап кылат


Мамлекеттик каттоо кызматы германиялык "Гизоке жана Девриент» компаниясынын өкүлдөрүнөн коррупциялык аракеттерге аралашканы боюнча айыпка байланыштуу түшүндүрмө талап кылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кызматтын статс-катчысы Бактыбек Секимов кабарлады. Анын айтымында, бул компания тендерге катышууда бардык шарттарды аткарган. Бирок ага карабай бир катар суроолор боюнча кошумча маалымат талап кылмакчы.

Бүгүн биометрикалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, тендердин экинчи турунда германиялык "Гизоке жана Девриент» (Giesecke&Devrient) компаниясы тандалып алынган. Бирок бул жыйынтык белгилүү болору менен бир катар маалымат каражаттары германиялык компаниянын коррупциялык иштерге катышы бар экенин жазып чыгышкан.(BkA/JsO)

XS
SM
MD
LG