Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Бишкекте Иманаалы Айдарбековдун эстелиги ачылды


Эстеликти ачуу аземи.
Эстеликти ачуу аземи.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн Эркиндик бульварында жайгашкан аллеясында бүгүн коомдук ишмер Иманаалы Айдарбековдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Ачылыш аземине президенттик аппараттын, өкмөттүн жана парламенттин өкүлдөрү катышты.

Иманаалы Айдарбеков 1894-жылы Сокулукта туулган. Алгач айылдык молдодон кат тааныган. 1909-жылы Бишкектеги айыл чарба техникумун бүтүргөн. Андан кийин Ташкендеги гидротехника мектебинен билим алган.

1918-жылдан тарта түрдүү компартиялык кызматтарда иштеп, Юстиция эл комиссары, Кыргыз автономиялык республикасынын башкы сотунун төрагасы кызматына чейин көтөрүлгөн. Ак-Cуу козголоңун жана Нарындагы контрреволюциячыл көтөрүлүштү басууга катышкан.

Репрессия маалында жалган жалаа менен атылганы тарыхый булактарда айтылат. 1991-жылы сөөгү Ата-Бейит көрүстөнүнө кайра коюлган. (SE)

XS
SM
MD
LG