Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Украин аскерлери Луганск аэропортунан чегинди


Украинанын аскерий жетекчилиги өкмөттүк күчтөр Луганск шаарынын чыгышындагы аэропортту орусиячыл жикчилдерге калтырып кетишкенин билдирди. Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенконун маалымдашынча, “Орусия куралдандырган профессионалдуу аскерлердин артиллериялык чабуулуна” байланыштуу украин солдаттары аэропортту уюмдашып таштап кетишти. Мындай билдирүү жасалардан бир аз мурда Минск шаарында Украина Орусия, ЕККУнун өкүлдөрү жана москвачыл жикчилдер кездешип, Украинадагы кризисти талкуулай башташкан. Президент Путин Якутск шаарында Би-Би-Сиге берген интервьюда: “Азыр, менин оюмча, абдан маанилүү жараян, түз сүйлөшүү жараяны башталды. Биз узак убакыт иштешип жатканбыз жана президент Порошенко менен Минскиде жолукканда макулдашканбыз. Азыр бул байланыш башталды", - деди.

НАТО жакында Украинанын территориясында кеминде 1 миң орус аскери бар экенин билдирген.

1-сентябрда Украин президенти Петро Порошенко Киевде Аскерий академиянын бүтүрүүчүлөрү алдында сүйлөп, Орусияны өлкөгө “ачык басып кирди” деп күнөөлөдү: ”Коңшу мамлекет Украинага каршы түз жана ачыктан ачык агрессияны баштады. Бул жаңжалдуу зонадагы абалды кескин өзгөрттү жана биздин коопсуздук күчтөрүбүз үчүн жаңы катаал суроону жаратты. Олуттуу жыйынтык жасалат. Кадрдык алмашуулар болот.”

БУУнун эсебинче, Украинада апрелден бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдер арасында жүрүп жаткан согушта кеминде 2 500 адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG