Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Казакстанда "көмүскө капиталды" мыйзамдаштыруу башталды


Казакстан экономикага кошумча акча тартуу үчүн “көмүскө капиталды” мыйзамдаштырат. Өкмөт мындай жол менен экономикага 10 млрд. доллар тартылат деген үмүттө. Президент Назарбаев июнда кол койгон жарлыкка жараша, мыйзамсыз акчаларды, баалуу кагаздарды, компаниялардын акцияларын жана мүлктү 1-сентябрдан 2015-жылдын аягына чейин мыйзамдаштырууга болот. Бул аралыкта ачыкка чыгарылып, мыйзамдаштырган байлыктан салык алынбайт. Бирок жарандарга каршы кылмыш жасалып, коррупциялык жол менен же өлкө конституциясына каршы жолдор менен табылган мүлк-дүнүйө мыйзамдаштырылбайт. Казакстан 1991-жылы эрктүү өлкө болгондон бери мындай өнөктүк үчүнчү жолу жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG