Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:36

Жерүй, Бел-Алма жана Арым2 кендерине сынак уюштуруу каралат


Экономика жана өнүгүү министрлигинин маалымдашынча, инвестиция тартуу жана ири кендерди конкурсу жок берүү тажрыйбасын токтотуу максатында өкмөткө аталган үч кенди пайдалануу укугу үчүн ведомство аралык конкурстук комиссия түзүү сунушу жолдонду.

Кыргыз өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы токтомуна ылайык, Жерүй, Бел-Алма, Арым2 кендери жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин тизмесине кирет. Кыргызстандын “Кендер жөнүндө” мыйзамына ылайык, жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди пайдалануу укугу конкурстун жыйынтыгы менен гана берилиши керек.

Мындан тышкары мамлекеттик маанидеги Тегене, Кара-Кече, Күрмөнтү кени боюнча конкурстук комиссия түзүү боюнча буйруктун долбоору башка министрликтер менен макулдашылып, Юстиция министрлигинин экспертизасында жатканын билдирет Экономика министрлиги.

Эскерте кетсек, өкмөт өткөн жылы Жерүй алтын кенин сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Эксперттер кен үчүн 300 млн. доллардын суралышы жана соттошуулар конкурстун үзгүлтүккө учурашына алып келгенин билдиришкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG