Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Өкмөт Бажы биримдиги боюнча кыркка жакын мыйзам даярдады


Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигинин шарттарына ылайыкташуу боюнча 38 мыйзам долбоорун даярдады. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, бул багытта жалпысынан 100гө жакын нормативдик-укуктук документ иштелип чыкты. Даярдалган мыйзам долбоорлордун 16сы Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Буга чейин кыргыз өкмөтү өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусу боюнча мыйзам долбоорлордун топтомун жактырды. Эми аларды парламент талкуулап, бекитиши керек.

29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы кабыл алынган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жыл аягына чейин Бажы биримдигине кошулуу ниетин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG