Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:24

Таллинде 20 жыл мурдагы кеме кырсыгы эскерилип жатат


Таллинде 20 жыл мурун кырсыкка кабылган “Эстония” буу кемесинин курмандыктарды эскерилүүдө. 1994-жылдын 28-сентябрында Балтика деңизинде миңге жакын адам менен сүзүп бараткан кеме чөгүп, 852 адам каза болгон.

Бүгүн жүздөгөн кишилер Яанов чиркөөсүнө келип, мерт кеткендердин элесине арналган жыйынга катышууда. “Оодарылган каттам” деп аталган монументтин жанына 852 шам жагылып, аза күүсү чалынып турат.

“Эстония” буу кемесинин чөгүп кетиши өткөн кылымдагы эң ири кырсыктардын бири катары тарыхка жазылган.

XS
SM
MD
LG