Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:14

Бирманын күйөө баласы Нурбек


Нурбек Жусупов үй-бүлөсү менен.
Нурбек Жусупов үй-бүлөсү менен.

«Журтташтар» түрмөгүнүн бул жолку каарманы Малайзияда маалымат технология тармагында иштеген Нурбек Жусупов. Ал “Азаттыкка” маек берип, Малайзияда иш баштоо тартиби, ал жактагы кыргызстандыктар жана өзү тууралуу кеп салды.

«Азаттык»: Малайзияга качан, кандай шартта барып калдыңыз эле?

Нурбек Жусупов: 1996-жылы мектепти аяктагандан кийин келгем. Университетти бүтүрүп, бир-эки жыл иштеп алып Кыргызстанга кетем деген оюм бар болчу. Бирок жыл сайын ар кандай пландар чыгып отуруп биротоло калып калдым. Кыргызстандагы “Сема” лицейинин бүтүрүүчүсүмүн. 9-10-11-класстарда биология сабагынан олимпиадага Түркияга, Молдовага жана Таиландга келгем. Таиланд абдан жаккан, жакшы досторду таптым. Мектепти бүткөндөн кийин чет жакка окуп келүүгө эки мүмкүнчүлүк болду. Анын бирөө Малайзия болчу. Бул жакта маалымат технологиясы боюнча окудум. Учурда ушул тармакта иштеп атам. Үч-төрт жыл мурда досторум менен бирге бир фирма ачканбыз. Максатыбыз - inside.easyuni.com сайты аркылуу абитуриент жана алардын ата-энелерине чет өлкөдөгү окуу жай, колледждер тууралуу маалымат берүү. Сайттан кайсы жакта кандай университеттер бар, баалары канча деген суроолорго жооп таба алышат.

Бирманын күйөө баласы Нурбек
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:48 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Сиздердин сайтты кыргызстандыктар да колдонобу?

Нурбек Жусупов: Жок, болсо да өтө аз. Эгер Кыргызстандагы жаштар англисче билсе, аны кеңири эле колдоно алат. Биздин сайттан маалымат алуу акысыз. Биз айрым окуу жайлардан алар тууралуу маалыматтарды таратканыбыз үчүн акча алабыз.

“Азаттык”: Сиздин компанияңызда канча адам иштейт? Сизден башка кыргызстандыктар да барбы ?

Нурбек Жусупов: Компанияда 12 өлкөдөн 25тей киши иштейт. Алардын 30 пайызы малайзиялыктар. Бир программист Кыргызстандан. Биздин фирма көп улуттуу деп айтса болот.

“Азаттык”: Малайзияда өзүнүн ишин ачкан кыргызстандык ишкерлер барбы? Деги эле ал жакта иш ачуу оңойбу?

Нурбек Жусупов жетектеген фирмада 12 өлкөнүн өкүлдөрү иштейт
Нурбек Жусупов жетектеген фирмада 12 өлкөнүн өкүлдөрү иштейт

Нурбек Жусупов: Жалпысынан алганда иш баштоо оңой эле. 600-700 долларга фирманы каттатса болот. Бирок аны менен иш бүтпөйт. Анткени бул жакта иштеш үчүн виза ачтыруу керек. Ал үчүн жаңы ачылган фирманын уставдык капиталы көп суралат. Мурдараак ал үчүн 100 миң доллар суралчу. Мындан беш-алты жыл мурда Пакистан, Ооганстандан көп адамдар келип, уставдык капиталы 1-2 доллар болгон фирмаларды ачып виза алып коюп, бирок өздөрү башка иштерден акча табышчу. Ушул көрүнүштү токтотуу үчүн Малайзия өкмөтү жаңы чараларды киргизген. Азыр эми жаңы технологиялар, интернет, маалымат технологиясы багытында фирма ачам дегендерге жеңилдиктерди берип жатат.

“Азаттык”: 1996-жылдан бери Малайзияда экенсиз. Кыргызстанга тез-тез эле барып турасызбы?

Нурбек Жусупов: Ушул убакка чейин андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени туугандарым, ата-энем да ушул жакта болчу. Эми бат-бат барып турайын деп ойлонуп атам. Кыргызстанга барып маалымат технология багытында иш ачып, бир-эки жыл жашап келсемби деп ойлоп атам. Азыр Малайзиянын климатына, тамак-ашына да абдан көнүп калдык.

“Азаттык”: Сүрөттөргө караганда келинчегиңиз да Малайзия тараптан окшойт?

Нурбек Жусупов: Келинчегим Бирмадан. Экөөбүз университетте окуп жүргөндө таанышканбыз. Ал финансы тармагындагы адис. Бирок азыр балдар менен үйдө. Ортодо үч балабыз бар. Эки эркек, бир кыз.

“Азаттык”: Баш кошуп жатканда туугандар каршы чыккан эмес беле?

Нурбек Жусупов: Жок, каршы чыгышкан жок. Биздин үй-бүлө бир аз башкача. Бала кезден бизди эркин өстүрүшкөн. Ата-энем менин тандоомду туура эле көрүшкөн.

“Азаттык”: Жыйырма жылга жакын убактан бери чет жакта жүрсөңүз, жубайыңыз бирмалык болсо балдар менен кайсы тилде сүйлөшөсүз?

Нурбек Жусупов: Балдар менен англисче сүйлөшөбүз. Ушунча убактан бери чет жакта жүргөндүктөн мага да англис тилинде сүйлөшүү жеңил. Балдарга бир-эки кыргызча сүйлөп көрдүм, жакшы окшошкон жок. Ошондуктан үйдө келинчегим менен, балдар менен англис тилинде сүйлөшөм. Аларга Кыргызстан тууралуу айтып берем. Азыр качан барабыз деп көп сурашат.

“Азаттык”: Малайзиядагы кыргызстандыктар жолугуп турсаңыздар керек?

Нурбек Жусупов: Бул жакта 300гө жакын кыргызстандык бар болушу керек. Алардын көбү студенттер. Элчилик ар кандай иш-чараларда, белгилүү майрамдарда чакырып турат. Жакында “Курманжан Датка” тасмасын көрсөтөт экен.

XS
SM
MD
LG