Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Тажикстанда он миң адамга мунапыс берилет


Тажикстандын түрмөлөрүндө жаткан 10 миң адамга мунапыс берилет. Бул тууралуу мыйзамга бүгүн президент Эмомали Рахмон кол койду. Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына караганда, күнөөсү оор эмес аялдар, өспүрүмдөр, улгайгандар, согуш ардагерлери жана чет элдик жарандар бошотулат. Оор кылмыш, мамлекеттик чыккынчылык жана террорчулук үчүн соттолгондорго мунапыс берилбейт.

Буга чейинки, 2011-жылдагы мунапыс боюнча 4,5 миң киши бошотулган.

Тажикстандын түрмөлөрүндө жаткандардын жалпы саны боюнча так маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG