Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Матвиенко Бишкекте тил маселесин көтөрдү


Дүйшөмбүдө Кыргызстанга расмий сапар менен келген Орусия Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолукту. 20-октябрь, 2014-жыл.
Дүйшөмбүдө Кыргызстанга расмий сапар менен келген Орусия Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолукту. 20-октябрь, 2014-жыл.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өлкөдөгү орус тили маселесине көңүл бурду.

Ал кыргыз бийликтерин өлкөдө расмий тил саналган орус тилин өнүктүрүүгө шарт түзүүгө чакырды. Сапардын жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтык, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу сыяктуу маселелер да талкууланды.

Дүйшөмбүдө Кыргызстанга расмий сапар менен келген Орусия Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолукту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуудагы даярдыгы тууралуу сөз жүрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Матвиенко өлкөдөгү орус тилинин абалына кайрылып, кыргыз бийликтерин расмий макамы бар тилди өнүктүрүүгө шарт түзүүгө чакырды:

- Биз кыргыз өкмөтү көңүл бурушу керек делген кадамдардын катарында өлкөдөгү орус тилин өнүктүрүү маселеси да болушу керек деп ойлойбуз. Пушкиндин, Достоевскийдин тили болгон бул тилди өнүктүрүүгө үгүттөөнүн деле кереги жок болсо керек. Ошентсе да, биз орус тилин өнүктүрүү маселеси Жогорку Кеңештин көңүл чордонунда болот деп ишенебиз.

Валентина Матвиенко Орусиядагы кыргыз мигранттарынын укугун коргоодогу маанилүү маселе катары орус тилин билүүнү атады. Анын айтымында, мигранттар орус тилин билүү менен гана бул өлкөдө эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле Федерация кеңешинин төрайымы кыргызстандык мигранттардын Орусиянын Миграция кызматынын “кара тизмесине” туура эмес киргизилген учурлар орун алганын моюнуна алып, бул жаатта тактоону талап кылган маселелер бар экенин белгиледи.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Орусия Кыргызстандын негизги өнөктөшү экенин эскертип, бул өлкө менен Бажы биримдигинин алкагында дагы жакын кызматташтык болорун айтты. Ал Жогорку Кеңеш өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусун шарттаган керектүү мыйзамдарды жаңы жылга чейин кабыл алат деп ишендирди.

- Буга чейинки добуш берүүлөр көрсөткөндөй, депутаттардын көпчүлүгү Бажы биримдигине кошулуу боюнча мыйзам долбоорлорду колдоп берет. Бул жерде мыйзам долбоорлордун сапаты боюнча гана кичине талкуу болбосо, негизинен муз ордунан жылды. Ошондуктан жаңы жылга чейин тиешелүү мыйзам долбоорлорду кабыл алып беребиз деп ишенем.

Орус сенатынын төрайымынын Кыргызстанга сапары акыркы кезде кыргыз бийликтери тышкы саясатта толугу менен Орусияга багыт алды деп айтылып жаткан мезгилге туш келүүдө. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиевдин баамында, Орусия чындыгында эле өлкөдөгү позициясын бекемдөөгө аракет кылууда. Буга учурдагы геосаясий кырдаал да себеп болгонун белгилейт Мамасалиев:

- Орусиянын бардык аракеттери учурдагы дүйнөлүк геосаясий абалга байланыштуу болууда. Ага Батыштан санкциялар киргизилген сайын, өз багытын Борбор Азия, Кытайга буруп жатат. Ошондуктан Орусия биздин бийликтерге бул долбоорлорго тезинен кирүүгө талап коюп, шаштырып жатат. Жалпысынан Кыргызстандын Евразиялык интеграцияга багыт алганы туура эле, бирок Орусиянын талабы менен аны шашып-бушуп ишке ашыруусу бир аз чекилик болуп жатат.

Ошол эле кезде Матвиенконун орус тилине көңүл бурушун акыркы кездеги парламенттеги айрым демилгелерге байланыштыргандар да жок эмес. Буга чейин депутат Урмат Аманбаева мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү чараларын киргизүүнү караган мыйзам долбоорду демилгелеп, бирок аны орус тилдүү маалымат каражаттарда орус тилдүү жарандарга каршы багытталган демилге катары сындап чыгышкан эле.

Валентина Матвиенконун сапарына сереп салган байкоочулар акыркы кезде кыргыз парламентинде Орусиядагы мыйзамдарга үндөш демилгелер көп көтөрүлүп жатканына көңүл бурушууда. Учурда коомчулукта талкууларга жол ачкан "гей-пропагандага" каршы, бейөкмөт уюмдарды "чет элдик агент" катары таануу боюнча мыйзамдар Орусияда бир жыл мурда кабыл алынган эле. Саясий эксперт Эмил Жураев Жогорку Кеңеште мындай демилгелердин көтөрүлүшүндө орус парламентинин таасири бар деген пикирде:

- Кыргызстанда мыйзамдарды кабыл алууга келгенде Орусиянын таасири көпчүлүк учурда тийип келет. Ошол эле "чет элдик агент", "гей-пропагандага" каршы түшүнүктөр Орусиядан чыккан. Ушул мыйзамдардын көтөрүлүшүнөн улам бул нерсе ачык сезилди. Буга чейин да бир катар мыйзамдар Орусия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерден көчүрүлүп, алардын таасири менен кабыл алынган учурлар болгон.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш бирдей жыныстагы адамдардын мамилесин жалпыга маалымдоо каражаттарында пропагандалоого тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Мындан сырткары бейөкмөт уюмдарды "чет элдик агент" катары караган мыйзам долбоор да парламент талкуусунда турат. Укук коргоочулар акыркы кезде адам укугу, жарандык коомго карата жасалган чабуулдар Орусиядагы акыркы жараяндарды эске салып жатканын айтып келишет.

Валентина Матвиенконун сапары шейшембиде да уланат. Ал бул күнү президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолукмакчы.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG