Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Ошто маӊзат ташыган жаран кармалды


Ош шаардык милициясынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү тарабынан 4 кг. 840 грамм маӊзатын Баткенден Бишкекке алып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маӊзат унаанын алдыӊкы отургучунун алдынан табылган. Кармалган жаран Баткен облусунун 26 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал маӊзатын тажикстандык таанышынан алганын, аны сатуу үчүн Бишкекке баратканын моюнуна алды. (YI)

XS
SM
MD
LG