Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Кубанычбек Турдубаев энергетика министри болуп дайындалды


Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Ушул аптада Турдубаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш депутаттары колдогон. Бирок парламентте талапкерлигин талкуулоо учурунда анын мурда соттолгондугу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Мыктыбек Абдылдаев ал 2004-жылы “Чыгышэлектро” ишканасында иштеп турганда Каракол шаардык сотунун чечими менен ишиндеги кемчиликтери үчүн соттолгонун айтып чыккан. Кубанычбек Турдубаев да бул фактыны моюнга алып, бирок ал чечим жокко чыгарылганын билдирген. Мындан соң көпчүлүк коалициядагы “Ата Мекен” фракциясы Турдубаевдин талапкерлигин колдобой турганын маалымдаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG