Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Эрдоган Кобаниге өзгөчө көңүл бурулганын сынга алды


Эл аралык коалиция “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө Кобаниге өзгөчө көңүл буруп жатканын Эрдоган бүгүн Парижде, француз президенти Франсуа Олланд менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында сынга алды.

“Эмне үчүн Идлиб, Хама же Хомс эмес Кобани ?",- деп суроо салды Эрдоган. Ал ошондой эле Ирактын 40% аймагын азыр “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөп жатканын белгиледи.

Түркия буга чейин Кобани шаарын коргоодо сириялык күрттөргө жетиштүү жардам бербегени үчүн сынга алынган болчу. Бул аралыкта Кобаниге пешмерга күчтөрүнүн негизги тобу киришине даярдык көрүлүүдө.

Ирактык күрттөрдүн 150 аскеринин негизги бөлүгү Сириянын күрттөр жашаган Кобани шаарына бүгүн Түркия аркылуу өткөнү жатат. Мунун алдында Кобаниге Түркия аркылуу пешмерга күчтөрүнүн алдыңкы бөлүгү кирип чыкты.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери бул шаарчанын үч тарабында азыр да өз турумдарын кармап турат. Бирок АКШ баштаган коалициянын аба соккулары согушкерлердин алдыга жылышын токтотууга жардам берди. (UE)

XS
SM
MD
LG