Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Токмокто инкассаторлорду тоноп кетишти


Токмок шаарына кире бериш.
Токмок шаарына кире бериш.

Бүгүн эртең мененки тогуздар чамасында белгисиз адамдар Токмок шаарынын чок ортосунда жеке күзөт компаниясына тиешелүү инкассатордук автомашинаны тоноп кетишти. Күбөлөрдүн "Азаттыкка" айтымында, "Мерседес" машинеси инкассатордук «Хонда Фит» машинесин сүзө токтоткон да, айдоочусун сүйрөп чыгып, травматикалык тапанча менен аткылаган. Андан соң «Мерседес» үлгүсүндөгү дагы бир машине келип, андагылар инкассатор унаадан акча салынган сумка менен мылтыкты алып чыгышкан да, качып кетишкен.

Ички иштер министрлигинен Токмокто ушундай окуя болгонун тастыкташты. Милициянын алдын-ала маалыматына караганда, бул окуяда бир канча май куюучу бекеттердин эки күндө тапкан акчасы жана курал каракталган. Азыр жабыркагандар тууралуу маалымат менен акчанын жалпы суммасы такталууда. Окуя Токмок шаардык мэриясынын жанында болгон. (JsO/SM)

XS
SM
MD
LG