Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

Түштүк Корея: “Севол” кемесинин капитаны 36 жылга соттолду


Сот чөгүп кеткен “Севол” кемесинин капитанын шалаакылык үчүн күнөөлүү деп таап, аны 36 жылга эркинен ажыратты. Башкы инженер 30 жыл, экипаждын калган 13 өкүлү 20 жылга соттолду.

Кеменин капитаны Ли Чжун Сок жана экипаждын үч өкүлүнө “билип туруп шалаакалык кылган” деген кине коюлган. Ли кечирим сурап, мынчалык өлүм болорун билбегенин айтты. Экипаждын башка өкүлдөрүнө “деңиз мыйзамдарын сактабагандык” жана “шалаакылык” деген айып тагылууда.

Ушул жылдын апрель айында кеме чөгүп, 300дөн ашуун адам каза тапкан. Алардын көпчүлүгү деңизге саякатка чыккан мектеп окуучулары болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG