Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Журналист Геннадий Павлюктун каза болгонуна беш жыл болот


Эртең, 22-декабрда кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун каза болгонуна беш жыл толот. “Белый Парус” басылмасынын редактору, Геннадий Павлюк 2009-жылы 17-декабрда Алматыда оор абалда табылган бойдон ооруканада эсине келбей, 22-декабрдын таңында каза болгон.

Укук коргоо органдары журналистке атайын кол салуу болгонун билдирген. Аны Алматыда көп кабаттуу үйдөн колу-бутун таңып, ыргытып жиберишкен. Анын өлүмүн журналисттик кесиби менен байланыштырышат. 2011-жылы 28-майда Павлюкка Бишкек шаарында эстелик тургузулган.

Геннадий Павлюк Кыргызстандагы "Аргументы и факты" гезитинин негиздөөчүсү. Ал Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын басылмаларында дагы эмгектенген. (TSh)

XS
SM
MD
LG