Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Ош аэропортундагы соңку карактоо боюнча үч адам кармалды


Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча түштүктөгү башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, Ош аба майданындагы соңку карактоонун бети ачылды. Анда кылмышка шектүү үч адам кармалып, дагы калгандарынын тек-жайы толук аныкталып, издөө жүрүп жатат.

- Кармалгандар кылмышты моюнуна алышты. Далил катары акча каражаттары алынды. Булар мурда соттолгон, трансулуттук кылмыш топтун мүчөлөрү. Бул кылмышка шектелип кармалгандар жана издөөдө жүргөндөр арасында тартип коргоо органдарынын азыркы жана мурунку кызматкерлери жок экени аныкталды, -деди Нурдинов.

Ошто аба майданда 27-декабрда ири суммадагы акча каракталган. Беткапчан, куралчан, “спецназ” деген жазуусу бар кара кийим кийген беш адам Ош-Үрүмчү каттамына түшмөкчү болуп, VIP залда отурган адамдарды карактап кеткен. Акчанын суммасы 5 миллион доллардан ашык экени айтылган болчу. Кийинчерээк 13 миллион доллар каракталганы маалым болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG