Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Бишкекте Туу күнү белгиленди


Бишкекте Туу күнү белгиленди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” багында борбор калаада окуп жаткан студенттер жана жаштар чогулуп, Кыргызстандын Мамлекеттик туусу кабыл алынганынын 23 жылдыгына байланыштуу акция өткөрүштү. Кыргызстандын туусу тууралуу мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Анын авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков. Туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик жана байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк - үй кутунун символу. Кырк нур - байыркы кырк уруунун биримдиги.

XS
SM
MD
LG