Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Түндүк Корея АКШнын өзөктүк коркунучтуна туруштук берерин убада кылды


Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Су Йон Пхеньян АКШнын өзөктүк коркунучка каршытуруштук берүүгө кубаты жетерин билдирди. БУУнун куралсыздандыруу боюнча жыйынында сүйлөп жатып, Су Йон Корей жарым аралын “өзөктүк ок-дары толгон челекке” салыштырды.

Анын айтымында, АКШ менен Түшүк Кореянын аскердик машыгуулары “чагымчыл максатты көздөп, согуш отун тутантууга багытталган".

Түндүк Кореянын башка дипломаты АКШ тараптан жыл сайын өскөн коркунучту алдына-луу үчүн өз өлкөсүнүн өзөктүк потенциалын бекемдеши керектегин кошумчалады.

Апта башында АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен жылдык аскерий машыгуусуна нааразы болуп, Пхеньян эки ракета аткан.

XS
SM
MD
LG