Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Борис Немцов жерге берилди


27-февралда киши колдуу болгон орусиялык оппозициячыл саясатчы Борис Немцов Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилди. Сахаров борборунда өткөн маркум менен коштошуу зыйнатына жакындары, оппозициялык саясатчылар, активисттер жана миңдеген адамдар катышты. Бийликтен вице-премьер-министр Аркадий Дворковичтен башка жогорку кызмат адамдары келген жок. Немцовдун сөөгүн алып чыгып жатканда ал жерге чогулган адамдар “Орусия эркин өлкө болот” деп кыйкырып турушту.

55 жаштагы Борис Немцовду 27-февралдын түнү Москванын борборунда, Кремлдин жанында белгисиз кишилер атып кеткен. Ал орус президенти Путиндин сынчысы катары таанылган эле. Аны аткан адамдар кармала элек. Орусиянын Тергөө комитети Немцовдун өлүмү боюнча саясий чагым, экстремисттердин өч алуусу, Украинадагы окуяларга жана саясатчынын жеке жашоосуна байланыштуу деген версияларды карап жатышат. 1-мартта он миңдеген адамдардын катышуусунда Москва баштаган бир нече шаарда Борис Немцовду эскерүү жүрүштөрү өттү.

XS
SM
MD
LG