Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Атамбаев орусиялык жетекчилерди кабыл алды


Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген Татарстандын президенти Рустам Миннихановду мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Жолугушуу учурунда Атамбаев Орусия стратегиялык жактан Кыргызстандын эң негизги өнөктөшү экенин, бул өлкөнүн курамына кирген Татарстан менен кызматташууну жандантууга кызыкдарлыгын билдирди.

Минниханов жумушчу сапар менен Бишкекке 2-мартта келген. Бүгүн Бишкекте кыргыз-татар ишкерлеринин биргелешкен форуму да болду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Алмазбек Атамбаев татар мамлекет башчысы менен кошо Орусиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельяниновду, Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Григорий Карасинди, Татарстандын соода жана өндүрүш министри Равиль Зариповду, туризм комитетинин башчысы Сергей Ивоновду жана “КаМАЗ” ишканасынын башкы директору Сергей Когогинди да кабыл алды.

4-мартта Башкыртстан президенти Рустем Хамитовдун да Кыргызстанга жумушчу сапары башталат. (SE)

XS
SM
MD
LG