Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:51

Украин учкучу Савченко жарандык ооруканага которулат


Орусия -- Украин учкучу Надя Савченко сот залында, Москва, 17-апрель, 2015
Орусия -- Украин учкучу Надя Савченко сот залында, Москва, 17-апрель, 2015

Надя Савченконун адвокаты билдиргендей, украиналык согуштук учкуч Москва түрмөсүнөн шаардагы номер 20-ооруканга бүгүн которулат. Марк Фейгин бул тууралуу Савченкону Матросская Тишина камак жайында көрүп чыккандан кийин твиттер баракчасында жазды. Бул убактылуу которулуубу, же биротоло болобу, азырынча белгисиз. Орусиянын Федералдык Жазалоо жана түзөтүү кызматы мунун алдында Савченко апта соңунда ал тамак жегенден баш тарткандан кийин анын саламаттыгы кескин начарлап кеткендигин бышыктаган эле.

Савченко Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилдер тарабынан уурдалган эле. Ага жаңжалда окко учкан эки орус журналистинин өлүмү үчүн айып коюлган. Савченко күнөөсүн мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG