Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Саммитте чымчылашкан президенттер


КМШ лидерлеринин бейформал жыйыны. 8-май, 2015-жыл
КМШ лидерлеринин бейформал жыйыны. 8-май, 2015-жыл

8-майда Москвада Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган КМШ мамлекеттеринин президенттеринин саммити өттү.

Москвада өткөн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган КМШ мамлекеттеринин президенттеринин саммитине Орусия, Казакстан, Беларус, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан лидерлери катышты. Бул жолу Украинанын президенти Петро Порошенко жана Молдованын жетекчиси Николай Тимофти келишкен жок.

Бир тууганга күйгөн Беларус

Чыгышында жаңжал токтой элек Украинанын саммитке келбегенине өкүнгөн беларус президенти Александр Лукашенко украиналык кесиптешин КМШдан чыгуудан токтотуп турганын айтты:

- Биз азыр көзү тирүү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, өзгөчө согуштан кайтпаган 30 миллион элибиздин татыксыз эле мураскерлери болуп калдык. Биз алар коргогон өлкөнү сактап кала алган жокпуз. Андан тышкары жашырбай айтуу керек, постсоветтик аймакта чыр-чатак жетиштүү болду. Бүгүн дагы бир тууган Украина менен жаңжалдуу кырдаал түзүлдү. Бул көйгөйдү мүмкүн болушунча эрте чечүү керек...Украина шериктештиктин алкагында ишмердүүлүгүн де-факто кыскартып, жалпы бюджетке каржылоо киргизбей, пландалган иш-чараларга катышпай, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алды. Бирок Украина КМШдан чыгат деп күтүүнүн кереги жок го, - деген Лукашенко Украинанын шериктештикке керектигин баса белгиледи.

Кесиптешине жакпай калган Атамбаев

Лукашенконун сөзүн улаган кыргыз президенти Жеңиш майрамы шериктеш өлкөлөрдүн баары үчүн маанилүү экенине кыскача токтолду.

- Албетте, Улуу Жеңишке арналган бул саммитке бардыгы (КМШ өлкө жетекчилери) келе албай калганы өкүнүчтүү. Бул кандайдыр бир деңгээлде согушка катышкан ата-бабаларга жана фронтто эмгектенген энелердин урматына сый көрсөтүү. Менин оюм боюнча 9-май бардык КМШ өлкөлөрүнүн эсинде жана тарыхында түбөлүккө сакталып калчу майрам. Өткөндү унутканды келечек жазалайт...

Анткен менен Алмазбек Атамбаевдин саммиттин катышуучуларын куттуктап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен чектелген кыска кеби Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго жакпай калгандай.

- Мындай эскертүүлөрдү мен биринчиден чекилик, экинчиден, одоно сөз катары эсептейм. Бул жерде биздин досубуз Алмазбек Атамбаев кимдир бирөөлөрдү өткөндү унутууга ниеттенип жаткандыгы үчүн зекиген шекилдүү… Мындай эскертүү туура эмес, жакшылыкка алып келбейт, - деп Ислам Каримов өзүнөн мурда сүйлөгөн кыргыз президентин сындады.

«Жеңиш жалпыга таандык» экенин айткан Каримов анда согушка катышкан бардык элдин салымы барын баса белгиледи. "Ар бир өлкө, ар бир эл жана бүгүнкү күндө шайланган ар бир жетекчи бул майрамды кайда жана кандай майрамдай турганын өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кимдир бирөөнүн милдетүү түрдө жасалышы керек дегенин башкалар сөзсүз түрдө кайталабашы керек", - деп сөзүн улады жакында эле бешинчи мөөнөткө президенттикке шайланган 77 жаштагы Каримов.

Өзбек кесиптешинин мындай күтүүсүз сынына Алмазбек Атамбаев жеке оюн билдирип жатканын айтып, «мен сиз терикчүдөй эч кандай сөз айткан жокмун, сиз чычалабаңыз», - деп жооп кайтарды.

Мурунтан Каримовдун өзүнүн Москвага келээр-келбеси табышмак болуп келаткан. Өзбекстандын президенти Жеңиш майрамын өз үйүндө тосору массалык маалымат каражаттарында айтылган. Каримов болсо акыркы күнгө чейин Москванын чакыруусуна барам, же барбайм деп жооп берген эмес.

Анткен менен Каримов сөз соңунда орус калкынын фашизм менен күрөшүүдө адам саны жана материалдык өтө чоң жоготууларга дуушар болуп, оор жүктү тартканын айта кетти.

Шериктештиктен кыйбастыкты күткөн Путин

Саммитте орус президенти Владимир Путин шериктештиктин келечеги жөнүндө кеп куруп, Орусия ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

- Кийинки жылы КМШнын 25 жылдыгын белгилейбиз. Бул шериктештиктин кызматташуусундагы жаңы этап жана буга чейинки биргелешкен иштин натыйжасына баа берип, келечектеги жана жакынкы мезгилдеги багыттарды аныктоого жакшы мүмкүндүк. Орусия КМШ өлкөлөрүнүн өз ара пайдалуу кызматташуусуна кызыкдар. Бул биздин өлкөлөрдүн жана элибиздин стратегиялык кызыкчылыктарына туура келет деп ишенем, - деди Владимир Путин.

Казакстан – ишенимдүү тыл

Согуш учурунда Казастандын ишенимдүү тыл болгонун эскерткен Нурсултан Назарбаев өткөн-кеткен каталарды кайталабай, алдыга кароого чакырды.

- Биз оор убакта турабыз. Туруксуздуктун очогу ар кай жерде жанууда, жаңы жаңжалдар пайда болууда. Көйгөйлөр дипломатиялык жол менен чечилбей, күч колдонууга өтүп жатат. Бүгүнкү күндүн чакырыгы – глобалдык мүнөзгө ээ болгон эл аралык терроризм. Ички саясий туруктуулук жана бардык мамлекеттердин өнүгүүсү учурда коркунуч алдында, - деп эскертти Назарбаев.

Быйыл КМШга Казакстан төрагалык кылат. Андыктан кийинки жолугушуу Астанада октябрь айында өтөрү айтылды.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG