Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Апта: "Кумтөр" иштейт, кадрдык "катаал" чечимдер...


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Узап бараткан жумада Кыргыз бийлиги эки ири мыйзам долбоорунан баш тартты. Жогорку Кеңештин жайкы сессиясы соңуна чыкты. Кыргызстан саясий майданында жаңы тандем пайда болду.

Коомчулуктагы нааразылыкка байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштап, ал фракция лидерлери тарабынан дароо кабыл алынды. Андан кийин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Суу кодексин өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбооруна фракция каршы экенин билдирди. Ошону менен карама-каршылыктуу эки мыйзам долбоору тең Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынды.

Президент жана КСДП фракциясынын артка чегинүүсүнө коомчулукта, өзгөчө анын активдүү бөлүгү болгон өкмөттүк эмес уюм жана системдик эмес оппозицияда мыйзам долбоорлорго каршылык себеп болду. Коомдогу бул эки активдүү топ биринчи ирет биригип, бийликке “Жок!” деп чыгышты. Бийлик чегинүүгө аргасыз болду.

Андан сырткары, Суу кодексине өзгөртүүнү токтотуу менен КСДП негизги оппоненттинин көзүрүн жокко чыгарууну көздөдү. Белгилүү болгондой Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен мөңгүлөрдүн талкаланышына жол ачууга “Ата Мекен” фракциясы кескин каршы чыгып келаткан.

Албетте, бийлик сүрмөлүк менен эки мыйзамды тең кабыл алдырууга жетишмек. Бирок ал коомдо конфронтацияны күчөтүп, парламенттик шайлоого чейин эле бийлик менен өкмөттүк эмес уюмдардын эки жээкте калышына алып келмек. Бийликти мына ушундай перспектива артка кайтууга аргасыз кылды.

Өкмөт Суу кодексине өзгөртүү киргизилип, мөңгүлөрдү бузууга уруксат берилбесе, 6-июлдан тарта Кумтөрдө иши токторун билдирген.

“Кыргызалтындын” башчысы Алмазбек Алымбеков бул маселеде өкмөт чечим кабыл алышы керек, Кумтөрдүн үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоону Жогорку Кеңеш өкмөткө тапшырган дейт:

- Жогорку Кеңеш өзүнүн токтомунда Кумтөрдүн үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоону өкмөткө тапшырган. Анда экологиялык, өнөр жай коопсуздугун камсыздоо менен ишти жүргүзүүнү бизге түздөн-түз тапшырган. Биз Кумтөрдү токтотпой, экологиялык катастрофага алып келбегендей кылып, Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу багытында чечим кабыл алабыз деп ойлойм. Өкмөт чечим кабыл алат.

Өкмөт өз кезегинде парламенттин токтомунун негизинде чечим кабыл алынарын билдирген. Демек, Суу кодекси кабыл алынбаса да, өкмөт мурда коркуткандай, 6-июлдан тарта кендин иши токтобосу 4-июлда маалым болду.

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Кумтөр голд Компани” ишканасына ушул жылдын соңуна чейин зыяндуу заттардын агындысын абага чыгаруу жана калдык сактоо жайга таштоого уруксат берди.

Бул тууралуу Centerra Gold Inc компаниясынын расмий сайтында жарыяланды. Жыл соңуна чейин убактылуу уруксат берилгенин “Азаттыкка” аталган агенттиктин башчысы Сабыржан Атажанов дагы тастыктап, бирок кенен маалымат берген жок.

Ушул эле күнү премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү маалымат каражаттардын жетекчилери менен жолуккан учурда, жакын арада Кумтөрдөгү Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн эколог, гляциологдордон турган атайын эксперттик топ изилдей турганын, анын корутундусунун негизинде өкмөт Жогорку Кеңешке тийиштүү мыйзамды сунуш кыларын айтты.​

Кумтөр Кыргызстан бюджетине өткөн жылы 7 млрд. сомдон ашуун салык төлөгөн. Ал эми өнөр жайдын жалпы көлөмүнүн 23% берген. Ошондуктан Кумтөрдүн токтоосу же төмөндөөсү жалпы экономикалык көрсөткүчтөргө жана бюджеттин абалына олуттуу таасирин тийгизет. Өкмөт Кумтөрдү токтотууга ошон үчүн каршы экенин билдирип келет. Ал эми оппозициялык саясатчылар бул жерде коррупциялык кызыкчылыктар көбүрөөк үстөмдүк кылып жатканын белгилешет.

Бийлик мына ошентип, карама-каршылыктуу эки мыйзам долбоорунан баш тартканы менен “терсаяктанган” кадрларды чабууда тайсалдаган жок. Маселен, узап бараткан жумада Жогорку Кеңештин кайра-кайра добуш берүүсү менен Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова кызматынан бошоду. Ага чейин парламент мыйзам талаптарын четке кагуу менен акыйкатчы Бакыт Аманбаевди кызматынан бошоткон эле. Бул өз кезегинде сот жана Акыйкатчы институттарынын бийлик алдындагы алсыздыгы, көз карандылыгын көрсөттү. Бул маселеде жарандык коомдун каршылыгын бийлик эсепке алган жок.

Кыргызстан саясатындагы жаңы "тандем"

Кыргызстандын саясий талаасында жаңы тандем пайда болду. Бул ирет “Ата Мекен” партиясы менен Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” партиясы кызматташарын жарыялашты. Алар бул биригүү эмес, кызматташуу гана деп белгилешүүдө.

Мына ушул тандем же кызматташуу жөнүндөгү ниет “Ата Мекен” партиясына, өзгөчө Ош шаары жана анын айланасындагы райондордо пайда алып келиши керек. Анткени Мелис Мырзакматовдун ал чөлкөмдө таасири күчтүү экени айтылып келет. Ошондуктан бул кызматташуу түштүк тарапта алсызыраак делген “Ата Мекендин” позициясын бекемдөөгө салым кошот.

Бирок андан шек санагандар да бар. Маселен, саясат таануучу Эркин Абдыразаков:

- Бийлик негизги оппоненттердин биригүүсүн жактырбайт. Шайлоодо бут тосуу болот. Экинчиден, "Улуттар биримдигинин" салмагы мурдагыдай эмес. Бир катар мүчөлөрү башка күчтөргө ооп кеткен. Мырзакматовдун эл менен байланышы кыйла үзүлүп калды. Өзү болбогондон кийин жанындагылар лидерди ээрчип жүрүп, аппаратта иштеп көнгөн эле адамдар да.

Мырзакматов менен Текебаевдин кызматташуусу бийлик менен “Ата Мекендин” ортосунда ушул кезге чейин быкшып келген тирешүүнү ачыкка чыгарып, эки ыңкылапчыл партия чабышууга өтүшү мүмкүн.

Бийлик мындай шартта мародерчулук, БНК боюнча маселелерди көтөрүп, маалымат каражаттарында төө бастыга алышы күтүлөт. “Ата Мекен” болсо “бийлик Центеррага сатылды” деп чыгат.

Буга чейин Кыргызстан саясий талаасында “Республика” менен “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгек” партиялары бириккен. Ал эми “Өнүгүү”, “Бир бол”, “Кыргызстан”, “Мекен Ынтымагы” жана башка партиялар калк ичинде алган салмагына жараша андан аркы кадамын жасайт.

Булардан сырткары Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов, Бөдөш Мамырова жана башка демократ оппозиционерлер өзүнчө тизме менен шайлоого баруу максатында сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым. Демократ саясатчылар өз алдынча барууну уюштуруп, бир чечимге келишеби же келишпейби аны мезгил көрсөтөт.

Өз алдынча барууга толук кудуреттүү КСДП партиясында башка интрига бар. Ал бул партиянын тизмесинин кайсы бөлүгүн жаштар жана жаңы жүздөр ээлеп, азыркылардын канчасы тизмеге илинбей калат же артка жылат суроолор.

Бүткөн сессия, кан кудага кадрдык чечимдер...

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңештин сессиясы соңуна чыкты. Депутаттар жайкы эс алууга тарап кетишти. Бирок алар акыйкатчыны шайлоо үчүн чукул сессияга чакырылышы күтүлүүдө. Мына ошондон кийин парламентарийлер 1-сентябрда сессияга чогулушу керек. Бирок күз айларында парламенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталып кала тургандыктан депутаттардын натыйжалуу иштеши да күмөн. Анын үстүнө азыркы депутаттардын көпчүлүгү шайлоого аттанары белгилүү.

Жогорку Кеңештин буга чейинки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын төрага Асылбек Жээнбеков 1-июнда чыгарды. Анын айтымында, парламент беш жыл ичинде 374 жыйын өткөрүп, 1140 мыйзам кабыл алган.

Асылбек Жээнбеков
Асылбек Жээнбеков

Асылбек Жээнбеков азыркы парламент жаңы шартта, жаңы жагдайда өз ишин алып барды дейт

- Парламент жоопкерчиликтен эч качан качкан жок. Кошуна өлкөлөргө барып көргөн адам Кыргызстан менен алардын айырмасы кандай экенин түшүнөт. Парламенттик демократия оңой жол эмес. Бирок дүйнө жүзү башка жолду ойлоп таба элек. Бул тынч жол менен өнүгүү, ал үчүн бийлик тынч жол менен, таза шайлоо аркылуу алмашып турушу керек. Мунун баарын парламенттик демократия камсыз кылат. Ооба, Кумтөр маселесин айрым саясатчылар өтө эле саясатташтырып атат. Парламент болгондон кийин бул саясий арена. Кандай болгон күндө да Кумтөр маселеси чыкты. Бирок ошонун пайдасын да көрдүк. Мурда ал жабык кен эле, эл анын ичинде эмне болуп жатканын билчү эмес. Азыр анда эмне болуп жатканын баары билет.

Жогорку Кеңеш өзүнүн Конституциялык милдетин аткара алган жок, тактап айтканда, парламенттик башкарууну камсыздай алган жок деп сындагандар арбын.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров азыркы Жогорку Кеңеш парламентаризмди жек көрүндү кылды деген ойдо:

- Реформалык эмес, күнүмдүк мыйзамдарды кабыл алып жатышат. Өздөрүнүн тар кызыкчылыгын көздөп, Конституцияга өзгөртүү киргизе коебуз деп уят болушту. Ошондуктан Жогорку Кеңештин бул чакырылышы Конституциялык укук-милдеттерин так аткара алган жок. Эптеп беш жылга отурушту. Азыркы президентке ушундай парламент керек болчу. Бирок орто жолдо тышкы саясат, соттук реформа, соттук-укуктук саясат, аткаруу бийлиги, бардык бийлик президенттин алдына чөгөлөп, Конституцияга каршы отуруп беришти. Натыйжада өлкөдө кайрадан авторитаризм пайда болду.

Азимбек Бекназаров азыркы парламент өз төрагасын коргой албаганын, Конституциялык палата жана башка судьялардын өз пикири жана чыгарган чечими үчүн куугунтукталышын да эске салды.

Булардан сырткары Кыргызстан келечек тагдыры жана кадрдык саясатка байланыштуу орчун окуялар болуп өттү. Маселен, узап бараткан жумада президенттин кан кудасы Алымбай Султанов Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башчысы кызматынан бошотулду. Ага чейин Султановдун уулу, президенттин күйөө баласы Семетей Султанов Кыргызстан-Австралия футбол командаларынын беттешүүсүн уюштурууда сынга кабылган. Бирок өкмөттүн жазалоочу чечимдеринде Семетей Султанов четте калып, Спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Кадырбек Эргешов кызматынан алынды. Алымбай Султановдун кызматтан алынышына анын орун басарлары менен тил табыша албаганы жана маңзат соодасына каршы күрөшүүдө башка органдардын ишин координациялай албашы себеп болгон.

ЕЭАБдин эшиктери ачылууда

Республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимдерди Беларус жана Орусия парламенти ратификациялады. Электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу митингдердин кучагында калган Армения өткөн жумаларда эле келишимди ратификациялаган. Эми Казакстан парламентинин чечим кабыл алышы менен Кыргызстан биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуп калат. Албетте, ратификацияланган келишимдерге президенттер кол коюп, андан кийин тараптар тийиштүү грамоталар менен алмашуусу керек.

Экономика министрлигинин адистери бул жол-жоболор июль айы ичинде аяктап, Кыргызстан август айынан тарта Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдары менен жашай баштарын билдиришти. Мына ошол мезгилден тарта Кыргызстанда импорттук товарларга Бажы биримдигиндеги тарифтер коюлат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG