Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү 10-июлга чейин уланат


Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерини 7-июлда Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча корутунду келишимге жетүүнү көздөгөн Венадагы жыйында билдирди. Дүйнөнүн алты державасы менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүү 10-июлга чейин созулат.

Иранда башталган 6+1 форматындагы сүйлөшүү бүгүн корутунду келишимге жетишиш керек болчу. Эгер келишим кабыл алынса, Ирандын ядролук ишмердигин чектеп, өлкөнү эл аралык санкциялардан бошотууга жол ачыш керек.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Венада журналисттерге маек берип, эки тарапта дале "айрым бир айырмачылыктар" калып жатканын билдирген.

Иран менен сүйлөшүп жаткан алты державага АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет. Бул өлкөлөр Иранды ядролук программасын чектөөгө ынандырып, анын ордуна Тегеранга каршы киргизилген эл аралык санкцияларды алып салууга көндүрүүнүн аракетин көрүшүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG