Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Орусиялыктардын 42% сөз эркиндигин чоң айлыкка алмаштырууга даяр


Орусиялыктардын дээрлик жарымына жакыны, тагыраагы 42% мыкты айлык жана жетиштүү пенсия үчүн сөз эркиндигинен жана чет өлкөгө чыгуудан баш тартууга даяр. Мындай маалыматтар “Левада-Центром” бейөкмөт уюмунун “Каршылык потенциалы жана бийликке көз караш” аттуу 19-22-июнда Орусияда жүргүзүлгөн сурамжылоодо белгилүү болду.

Сөз эркиндигин жана чет өлкөгө чыгууну чектөөгө суралгандардын, 49 пайызы каршы пикирин билдирсе, дагы 11% жооп берүүдөн тайсалдашкан.

Респонденттердин 18% массалык каршылыкка чыгуунун “жогорку коркунучу” бар экенин белгилешсе, анын 10 пайызы нааразылыкка чыгууга даяр экенин көрсөткөн.

Көпчүлүк жарандар (69 пайыз) зарыл болбосо бийлик менен иши деле жоктугун билдиришсе, пикир билдиргендердин дагы ушунчасы бийлик коомчулуктун отчет бербегенин туура деп санашкан.

Сурамжылоо Орусиянын 46 регионундагы 134 калктуу конуштарындагы 1600 адамдын арасында жүргүзүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG