Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Сот Уран Ботобековду 1 млн. 800 миң сомго айыпка жыкты


Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова бүгүн Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековго карата Икрамжан Илмияновдун арызын жарым жартылай канааттандырды. Уран Ботобеков Илмияновго 1 млн. 800 миң сом төлөп берсин деген чечим чыгарып, ал үчүн судья Ботобековго катталган эки турак-жайды камакка алууну өкүм кылды. Бул тууралуу Ботобековдун коомдук жактоочусу Адил Турдукулов "Азаттыкка" билдирди.

Адил Турдукулов райондук соттун чечимин бийликтин буйрутмасы деп атады.

Быйыл 30-апрелде "Вечерний Бишкек" медиа-холдингине караштуу kabarordo.kg сайтында "Улуттук оппозициялык кыймыл" уюмунун мүчөсү Уран Ботобеков менен маек чыккан. Анда айтылган айрым ойлорго байланыштуу президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов сотко берип, "ар-намысыма, беделиме жана кадыр-баркыма шек келтирди" деп, 5 миллион сом доо өндүрүп берүүнү өтүнгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG