Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Анкара менен күрт жикчилдери бири-бирин айыптоодо


Түркия Сириядагы жана Ирактагы согушкерлерге ушул Адана шаарындагы Инжирлик аэропортунан чабуул коюуда
Түркия Сириядагы жана Ирактагы согушкерлерге ушул Адана шаарындагы Инжирлик аэропортунан чабуул коюуда

Ирактагы күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани Күрдистан жумушчу партиясынын согушкерлерин Ирактын түндүгүнөн чыгып кетүүгө чакырды. Ал муну Түркиянын аба чабуулдарынан каза болуп жаткан жөн-жай тургундардын курмандыгын токтотуу максатында айтты.

1-августта Түркиянын Күрдистан жумушчу партиясынын лагерлерине жасалган аба соккуларынан Ирактын түндүгүндөгү Заркел айылынын кеминде алты тургуну өлгөнү айтылууда. Ирактагы күрт автономиясынын президенти Масуд Барзанинин администрациясы Күрдистан жумушчу партиясынын согушкерлерин Ирактын түндүгүнөн чыгып кетүүгө ушул кайгылуу окуядан кийин бир нече сааттан соң чакырды.

Күрдистан жумушчу партиясы 2013-жылы түзүлгөн тынчтык келишими Анкара аба соккуларын баштагандан кийин жокко чыкканын жарыялаган. Алар күрт автономиясынын тышкы байланыштар боюнча өкүлү Фалах Мустафа Бакирдин 1-августтагы ок атышууну токтотуу чакырыгына да каршы экендиктерин айткан. Бакир ошондой эле Түркиянын Күрдистан жумушчу партиясына карата чабуулдарын адекваттуу эмес деп атап, ирактыктар “эки оттун ортосунда” калганын билдирген.

Ирактагы Түркиянын аба чабуулдарына каршы өткөн нааразылык акцияга катышкан Розани Зуахир аттуу адам:

- Түркия "Ислам мамлекетинин" согушкерлери менен урушуп жаткан биздин куралдуу күчтөрүбүзгө кол салып жатканы кызык. Бул деген эмне Түркия "Ислам мамлекетин" коргоп жатканыбы, же ким "Ислам мамлекетине" каршы чыкса аны менен уруша береби?

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 1-августта билдиргенге караганда, аба чабуулдарынан Ирактын түндүгүндөгү Заркел кыштагынын карапайым тургундары өлдү деген маалымат боюнча иликтөөлөр башталды. Ошол эле кезде Түркия жөн-жай тургундарды тирүү тосмо катары колдонуп жатканы үчүн Курдистан жумушчу партиясын айыптады. Анкаранын айтымында, аба чабуулдары күрт согушкерлеринин бир катар полиция кызматкерлерин жана аскерлерин өлтүргөн кол салууларына жооп катары жасалууда.

Ал эми Курдистан жумушчу партиясы болсо алардын муну өч алуу максатында уюштурулган деп билдирүүдө. Алардын ишениминде, 20-июлда Түркиянын чек арага жакын Суруч шаарындагы 32 күрт активистинин өмүрүн алган жардырууну “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Түркия бийликтери менен байланышы бар согушкерлери жасаган.

Ирактагы күрт автономиясынын өкүлү Фалах Мустафа Бакир бул сыяктуу жаңжалдар “согуш аракеттери менен чечилбесин”, эң жакшы жол тынчтык жана тараптардын сүйлөшүүсү экенин айтууда. Деген менен Бакир түрк өкмөтүн ачык айыптоодон карманды. Буга чейин Багдад Түркиянын аба чабуулдарын “Ирактын суверенитетине кол салуу” деп атаган.

Курдистан жумушчу партиясы менен Түркиянын ортосундагы жаңы чатак АКШны ыңгайсыз абалга калтырды. Вашингтондун расмий адамдары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө ирактык жана сириялык күрттөр өнөктөш экендигине карабай, Курдистан жумушчу партиясына карата Анкаранын чабуулдарын колдорун билдиришти. Курдистан жумушчу партиясы АКШда террористтик уюм деп табылган.

Анкара Ирактагы Курдистан жумушчу партиясынын согушкерлерине жана Сирия менен Ирактын бир канча аймагында бийлик жүргүзүп жаткан “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун Сириядагы позицияларына абадан сокку урууну бир күндө баштаган. Түркиянын аскерий учактары атайын операцияны биринчи ирет 24-июлда баштаган болчу.

XS
SM
MD
LG