Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Депутат Хажимурат Коркмазов үй камагына чыкты


Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда 3-августта Бишкек шаардык соту депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүп, анын негизинде депутат сот залында бошотулган.

Буга чейин анын адвокаттары сотко Коркмазовдун жүрөк оорусуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

15-июль күнү УКМК менен Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовду 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган.

Расмий маалыматка караганда, Коркмазов парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге тиешелүү иштердин бирин Жогорку Сотто анын пайдасына чечип берүүгө ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара сураган. Ал соттун чечими менен эки айга камалган. (AzK)

XS
SM
MD
LG