Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Centerrа Gold Хоменюктун кармалышы боюнча билдирүү таратты


Кыргызстан Интерпол аркылуу издөө жарыялаган Канаданын жараны Леонардо Хоменюктун Софияда кармалышы боюнча Centerrа Gold компаниясы билдирүү таратты. Анда Хоменюкка коюлуп жаткан дооматтарга негиз боло турган далилдерди компания кыргыз бийлигинен азырга чейин ала албаганы белгиленген.

Леонардо Хоменюк Кумтөрдү иштетип жаткан Centerrа Gold компаниясынын мурдагы башкы директору. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча күнөөлөп, издөөгө алган. Хоменюк 27-июлда Софияда кармалып, 30 күнгө камалган. Эми аны Бишкекке экстрадициялоо маселеси каралат.

XS
SM
MD
LG