Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Талаштуу Кашмир аймагындагы аткылашууда 9 адам өлдү


Индиялык жана пакистандык чек арачылар талаштуу Кашмир регионунда кайра аткылашты. 28-августта таңга жуук болгон аткылашуунун кесепетинен 9 жөн-жай жаран өлүп, 62 адам жарадар болду. Турак үйлөрдү артиллериялык аткылоо үчүн эки тарап бири-бирин күнөөлөдү. Пакистан армиясы Сиалкот шаарынын жанында индиялыктардын чабуулунан 6 жаран курман болуп, 46 адам, анын ичинде 22 аял жараат алганын маалымдады. Билдирүүдө Канганпур жана Бажра Гари кыштактары түнкү артиллериялык аткылоодон көп зыян тартканы айтылат.

27-августта кечкисин болгон аткылашууда индиялык эки жаран окко учуп, 16 киши жарадар болгонун Индия армиясы кабарлаган.

XS
SM
MD
LG