Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Индиялык жана пакистандык чек арачылар кайра аткылашты


Пакистандыктар Индиянын куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык чабуулунан кыйраган тамдын жанында турат. 28-август 2015
Пакистандыктар Индиянын куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык чабуулунан кыйраган тамдын жанында турат. 28-август 2015

Эки арадагы талаштуу Кашмир регионунда 28-августта таңга жуук болгон аткылашуунун кесепетинен 9 жөн-жай жаран өлүп, 62 адам жарадар болду. Турак үйлөрдү артиллериялык аткылоо үчүн эки тарап бири-бирин күнөөлөдү. Пакистан армиясы Сиалкот шаарынын жанында индиялыктардын чабуулунан 6 жаран курман болуп, 46 адам, анын ичинде 22 аял жараат алганын маалымдады.

Билдирүүдө Канганпур жана Бажра Гари кыштактары түнкү артиллериялык аткылоодон көп зыян тартканы айтылат.

27-августта кечкисин болгон аткылашууда индиялык эки жаран окко учуп, 16 киши жарадар болгонун Индия армиясы кабарлаган.

XS
SM
MD
LG